Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда

Сүрөт: Чек ара кызматы

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болуп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери шарттуу чек ара сызыгына карабай Баткендин Булак-Башы аймагына өткөн.

Алар Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин чыгып кетүү талабына баш ийбей, ок чыгарышкан.

Мындан улам, эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кагылышуу болгон. Анын жүрүшүндө тажик тарап минометторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар жана жабыркагандар жок.

«Бүгүн Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин командачысы Р. Рахмоналинин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө карабай, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат. Саат 13:00гө карата атышуу уланууда. Биздин кызмат кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат жана тажик кесиптештерин Кыргызстандын позицияларына ок атууну токтотууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын башчылары окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*