
Ош шаарында 19 адамды капкан иттен кутурма илдети аныкталды. Бул тууралуу 3-июнда «Т-Медиага» калаанын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл борборунун кызматкери Дилорам Исламова билдирди.
31-майдын кечинде жолбун ит 17 адамды каап, алар ооруканага кайрылган. Санэпидкөзөмөл кызматы билдиргендей, жабыркагандардын саны кийин 19га жеткен. Кайрылгандардын басымдуусу жаш балдар. Шаардыктарды капкан жолбун ит жок кылынган.
1-июнда Ош мэриясы жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталарын билдирген. Ошондой эле ата-энелерге балдарды көчөдө кароосуз калтырбоону эскертишкен.
Оставьте первый комментарий