Оодарылган отургучтар, учкан жарнамалык тактайчалар, сынган дарактар
Жалал-Абаддагы катуу шамалдан кийинки көрүнүш
Жалал-Абад шаарында бүгүн, кечки саат 18:00 чамасында кыска убакытка жаан жаап, 10-15 мүнөткө созулган катуу шамал болду. Шамалдан кийин айрым жарнамалык шиттер үзүлүп, дарактар сынган. Кээ бири жол боюнда түшөйүн деген абалда турат. Отургучтарды оодарып, жарандык тактайчаларды кулаткан шамалдан кийинки көрүнүштөн сүрөт баян сунуштайбыз.












