Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында 4-июнь саат 09:20га карата абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Түн тынч өтүп, чыр-чатактар катталган эмес.

Кечээ, 3-июнда Баткендин Булак-Башы аймагында ок атышуу болгон. Маалыматка ылайык, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери шарттуу чек ара сызыгына карабай Баткендин аймагына өткөн.

Алар Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин чыгып кетүү талабына баш ийбей, ок чыгарышкан. Андан кийин тажик тарап минометторду колдонгон. Чырда эки аскер кызматкери жараат алды.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1231 статья
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*