Ош: экинчи кылымга таандык Даван, Кушан мамлекеттеринин калдыктары табылды

Ошто биздин заманга чейинки экинчи кылымга таандык Кушан мамлекетинин калдыктары  табылды. Археологиялык казууларды жүргүзгөн топтун айтымында, бул жайда Кушан мамлекети байырлаган. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө байыркы Даван мамлекетине таандык адам сөөктөрү, карапа сыныктары, колодон жасалган буюмдар табылган. 

Адамдын сөөгү, үйлөрдүн калдыктары, колодон жасалган буюмдар, карапа идиштердин сыныктары. Бул тарыхый баалуу экспонаттарды окумуштуулар Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Жар айылынан таап жатышат. Алдын-ала изилдөөлөргө караганда, алар мындан 23-кылым мурун жашап өткөн Кушан мамлекетинин дооруна таандык. Биздин заманга чейинки 2, 4-кылымдарга чейинки Даван, Кушан мамлекеттерине таандык табылгалар табылып жатат. Мал жандыктын сөөктөрү, карапа буюмдардын сыныктары чыкты.

Ак-Жар археологиялык эстеликтерин 1956-жылы археолог Юрий Александрович Заднепроводский ачкан. Андан бери эч ким изилдеген эмес. 2019-жылдан тартып чалгындоо иштери жүрүп, пандемия учурунда үзгүлтүккө учураган. Өткөн жылы гана археологиялык казуу иштери кайра башталган. Ушул жылдын 14-майында эки төбөдө жумуш башталып, тарыхый табылгалар чыга баштады.

«Экинчи дөбөдө кызыктуу табылгалар бар. Мисалы айтсак, палеозоологдордун изилдөөсүнүн натыйжасында көптөгөн дан уруктары табылган. Алардын алты түрү Кытайдан келгенин аныкташты. Андан тышкары көптөгөн жаныбарлардын жана таш баканын сөөктөрү чыкты. Булардын табылгалары Ак-Жар археологиялык дөбөлөрү үчүн, жалпы эле кыргызстандыктардын тарыхына жаңылык десек болот», -дейт Улуттук археологиялык илимдер академиясынын тарых институтунун кызматкери Эмил Султанов. 

Ак-Жар археологиялык эстеликтеринде  Чехия өлкөсүнөн келген изилдөө тобу иш жүргүзүп, каржылап жатат.  Алар Ош мамлекеттик университети жана улуттук археологиялык илимдер академиясы менен  келишим түзгөн. Топтун мүчөсү Сергей Василенко буларды айтты:

«Биз буга чейин Караханийлер доорундагы мончону археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде аныктаганбыз. Андан кийин Ак-Жар эстеликтерин казып көрүүнү туура көрдүк. Бул бир эле Кыргызстан үчүн эмес, европалыктар үчүн дагы кызыктуу болот. Ушул жердин жашоочулары суу чыгаруу үчүн жерди казып жатканда сөөктөрдү таап алышыптыр.  Биз алар менен сүйлөшүп, изилдөө иштерин жүргүзүп көрүүнү туура көрдүк. Сөөктү тазалап, сүрөткө тартып алдык. Кийинки жолу келгенде антропологдор менен келебиз. Анда аялдын жаш курагын жана кандай оорулар менен ооругандыгын аныктай алабыз».

Археологиялык казуу иштеринин жүрүшундө геологдор топурактын катмарын текшерип жатып, кишинин сөөгун табышты. Алдын ала маалымат боюнча ал Даван мамлекетине таандык экендиги айтылууда.

«Бул кишинин жамбаш сөөгүнүн жанынан колодон жасалган буюмдар табылды. Азыркы учурда изилдөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Сөөктү аныктоодо жанынан дагы кайсы буюмдар чыгары казуу иштеринин уландысында белгилүү болот. Алгачкы буюмдардын негизинде бул Даван мамлекетине таандык.Башкача айтканда биздин заманга чейинки 2-4-кылымдарга таандык кишинин сөөгү», -деди Эмил Султанов. 

Изилдөө тобу топурак аркылуу табылгалардын дагы башка жагдайларын изилдеп жатат. ОшМУнун студенти Шайырбек Алимжан уулу буларды айтты.

«Буудайга же кайсы бир дан өсүмдүктөрүнө тиешелүү болсо, демек, бул жерде отурукташкан калк болгон. Азыр муну чогултуп кургатып, андан кийин микроскоп менен карап чыгат. Ошону карап туруп жашагандардын бай же кедей экенин билсек болот да. «Бул жерде бай адам жашаган экен, а бул жерде кедей киши» деп аныктай алабыз».

Ак-Жар археологиялык эстеликтери мамлекеттин карамагында турат. Казуу иштерин жүргүзүү үчун алдын ала беш жылдык мөөнөткө уруксат алышкан. Изилдөө иштери 14-июнга чейин уланат. Анда табылган табылгалардын жарымы Ош тарыхый  музейине тапшырылса, жарымы ошол жерде калтырылып, ачык асман музейине айланышы мүмкүн.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*