Кара-Сууда экинчи тоннел табылды

Кара-Суу шаарында Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирген жер астындагы экинчи өтмөк аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнда УКМК, Чек ара кызматы, ӨКМ жана Өзбекстандын өнөктөш кызматтары менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Кара-Суу шаарында жайгашкан үйдүн бетон тротуарында эки өлкөнү бириктирген тоннел табылган.

Ал 17,5 метр тереңдикте, тоннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см болгон. Кыргызстандан Өзбекстанга чыгуу 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 24-майда Кара-Суунун Тельман айылында узундугу 270 метрди түзгөн дагы бир тоннел табылган. Анын ичинен чек арага чейинки аралык 40 метр болгон. Жашыруун жайдын тереңдиги 15 метр, кире бериш жери 1,8, ал эми туурасы 1,5 метр деп өлчөнгөн.  Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээси Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатканы айтылган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*