Оштун башкы планы эмнеге бүтпөй жатат? Архитектура менен мэриянын эки башка жообу

Архитектура башкармалыгы Ош шаарынын башкы планы каражат маселесинен улам бүтпөй жатканын айтты. Мэрия муну четке кагууда. Калаа бийлиги пландоонун кечеңдеп жатышына башка себептер бар дейт.

Ош шаарынын пландык деталдоо долбоору (ПДП) каражат маселесинен улам кечеңдөөдө. Жергиликтүү бийлик документтин сметалык баасында каралган 21 миллион сомдун 7,5 миллионун Мамлекеттик долборлоо институтуна которо элек. Бул тууралуу регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын Ош шаарынын башкы планы боюнча жетектөөчү адиси Динара Кожомбекова «Т-Медианын» «Адил сөз» берүүсүндө билдирди.

Кожомбекованын айтымында, башкы пландын долбоору 2017-жылы башталып, 2019-жылдын аягына чейин бүтмөк болгон. Бирок каражат маселеси жана коронавирус пандемиясынан улам иш бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай турат.

 «ПДПда Ош шаары 3,5 миң гектарды ээлейт. Аны жети аймакка бөлүп, «Жети аймактын курулуш эскиздери, ошол аймак кайсы нукка өнүгүшү керек? Кандай курулуштар курулушу керек?» деген сыяктуу маселелер камтылган. Азыркы учурда ПДП толук кабыл алына элек. 2017-жылы биринчи келишим түзүлгөн. Буюртмачы Ош шаарынын мэриясы. Буга чейин бекитилчү үч бөлүгү боюнча эки жолу коомдук талкуу өткөрүлдү. Жети аймак толугу менен бүтсө, ошондон кийин дагы бир сыйра коомдук талкууга чыгарабыз. Ал шаардык кеңеш тарабынан бекитилиши керек. Негизи жумуштар 2019-жылдын аягына чейин бүтүшү керек эле. Ортодо акча маселеси пайда болду, пандемияга туш келдик. Ошонун негизинен жумуштар кармалып калды», -деди Кожомбекова.

Ош мэриясы эмне дейт?

Оштун биринчи-вице мэри Марс Исаев башкы пландын бүтпөй жатканы каражатка байланыштуу эмес дейт. Анын маалыматы боюнча, деталдык пландоо долбоорунун жалпы суммасы 17 млн 982 миң 16 сомго бааланган. Анын 5 миллиону буга чейин берилип, мартта дагы беш миллион сом бөлүнгөн.

«Келишим боюнча башкы планды жасаган тарап долбоорду бүткөндөн кийин мэрияда түзүлгөн комиссияга сунуштайт. Алар жасалган долбоорду карап чыгып, өзгөртө турган жери болсо кайра сунуш берет. Азырынча 70 пайыз гана жумуш бүткөн. Ошондуктан калган 7 млн 982 мин сомду иш толук бүткөндө беребиз. Долборлоо институту ПДПнын 2-3 айдын ичинде бүтүрүп бермек болушууда». 

Мэриянын тышкы байланыштар аналитика башкармалыгынын бөлүм башчысы, башкы планды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Мирланбек Казыбай уулунун билдиришинче, долбоордун кечеңдеп жатышына бир канча себеп бар.

«Биринчи себеби Долборлоо институтунун Ошто жайгашпаганы болууда. Бишкекте отуруп алып тагдырын чечет дегендей эле сөз да. Кээ бир жерлерди үстүртөн карап жатышат. Буга чейин башкы планда эмне бекитилсе, ошону интернеттен эле карап сызып коюушууда. Ошондуктан бизден комиссия түзүлүп, айрым жерлерине каршылык көрсөтүп жатабыз. Экинчиден, буфердик зонанын өтө чоң аянтты ээлегени. Корук зонага бийик курулуштар түшпөсүн деген талап бар. Азыр көп кабаттуу имараттардын баары калаанын ичине салынып жатат. Азыр шаардын 3, 2 %ы буфердик зонага кирип калган. Муну кыскартабыз деп биз Маданият министрлигинин алдындагы Кыргыз реставрация деген ишкана менен чабыштык. Эми бир пикирге келип, корук зонаны кыскартып, көп кабаттуу үйлөрдү сала турган болдук. Мындан тышкары шаарды аралап өткөн кыртыштын корук зонасы, дарыя, каналдардын коргоо зонасы, шаардын жашыл аймагы, кызыл сызыктагы жолдор, калааны аралап өткөн анклав жерлердин тагдыры, шаардын айланасындагы айылдарды Ошко өткөрүү сыяктуу маселе турат», -дейт ал.

Ош шаарынын башкы планы эгемендик алганга чейин 1979-жылы кабыл алынган. Эгемендик алгандан 25 жылдан кийин, 2016-жылы кайра иштелип чыккан. Анда 16 миң гектар аянтты 2025-жылга чейин 20 миң гектарга чоңойтуу каралган. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун бир канча айылдарын шаардын бөлүгүнө кошуу менен ишке ашырылмак.
Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*