Президент Сурдолимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлады. Сүрөт

Сүрөттөр президенттин расмий сайтынан алынды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Бразилияда өткөн XXIV жайкы Сурдолимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Жапаров спортчуларды куттуктап, Кыргызстандын атын алыска тааныткан мындай жыйынтыктар өлкөнүн өнүгүшүнө ишенимин бекемдей турганын айткан. Ошондой эле, Паралимпиадалык жана Сурдолимпиадалык спорт түрлөрүн Олимпиадалык спортко теңештирүү зарылдыгын белгиледи.

“Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, “өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом” деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип, көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик», — деген президент.

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдолимпиада спорту боюнча алгачкы ирет ийгиликтүү натыйжага жетишти. Бразилиядагы 24-Сурдолимпиада оюндары 1–15-май күндөрү болгон. Анда кыргыз курама командасы 2 күмүш, 4 коло медалга ээ болду.

  • Ильгиз Каналбек уулу (коло байге);
  • Таэквондо боюнча Азамат Мавлонов  (күмүш байге), Бермет Марсбекова (коло байге);
  • Алмазбек Исаков эркин күрөш боюнча (күмүш медаль);
  • Смадияр Жумакадыров менен Миляс Марковдун грек-рим күрөш боюнча коло байгени багындырышкан.

Спортчулардын окуу-машыгууларына казынадан 1,5 миллион сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 миллион сом бөлүнгөн. Сурдолимпиада 1924-жылдан бери өткөрүлүп келген, угуусу начар адамдар үчүн сорттук мелдеш.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1126 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*