
Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова Бишкек шаарындагы таштанды полигонуна бөлүнгөн акчанын сарпталышын иликтөөнү сунуштады. Эл өкүлү таштанды талаасын салууга алынган 22 миллион евро насыянын дайыны чыкпай калганын белгиеди.
“Бул маселе канча жылдан бери айтылып келе жатканына карабай, чечиле элек. Ал тургай 22 млн. евро насыя алынып, бирок аягына чыккан жок. Түтүнү токтобогон жай, шаардын экологиясына коркунуч келтирүүдө. Андыктан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылганын иликтөө боюнча протолдук тапшырма берүүбүз кажет”, – дейт Ашимова.
28-апрелде Бишкек шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров таштанды жайга бөлүнгөн 22 миллион евронун жарымы гана калганын, калганы кайда жумшалганы териштирилип жатканын айткан. Буга чейин “Азаттыктын” радиосу иликтөө жасап, жалпы сумманын 6 миллиону гана калганын аныктаган. Бүгүнкү күнгө чейин таштанды талаасында өзгөрүү болгон эмес.
29-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалганын билдирген. Ушул эле маселе менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана анын кеңешчисине издөө жарыяланганы айтылган.
Оставьте первый комментарий