Нарында курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 21 млн. сомдон ашуун зыян келтиришкен

Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө, капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 21 млн. сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган.

Алар Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза-суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. 

Иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 21 млн. 801 тыс. 901 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*