
Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылында 30 гектардан ашык айыл чарба жери турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетик комитети 9-июнда билдирди.
Факты боюнча Он-Эки-Бел айылынын мурдагы башчысы, жер маселелери боюнча мурдагы адис, айылдык кеңештин мурдагы спикери кармалды. Ошондой эле, ишке тиешеси бар делген айылдык кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары 30-июнга чейин камалды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ушул тапта айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуудан мамлекетке келтирилген зыян аныкталып жатат.
Оставьте первый комментарий