Кара-Сууда үчүнчү тоннель табылды

УКМК Кара-Суу шаарында жер алдындагы үчүнчү тоннель табылганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы тоннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны экендиги аныкталган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстан тараптан М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында 2014-жылдан бери тааныш болгон  Өзбекстандык “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган. Алардын Кыргызстандан Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында колдонулганы такталды», — деп айтылат маалыматта.

М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кара-Сууда 27-майда жана 7-июнда эки тоннель табылган.

Автор Т-медиа 11130 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*