
Кыргыз-Түрк «Манас» университети дүйнөдөгү мыкты университеттердин тизмесине кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минимтрлиги билдирди.
Маалыматка караганда,“Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) басылмасынын талдоосу боюнча дүйнөдөгү 1422 мыкты университеттин рейтингинде 801-орунду ээлеген. Мунун менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети дүйнөлүк мыкты университеттердин рейтингине Кыргызстандан кирген алгачкы окуу жай болду.
2019-жылдан бери «Манас» университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы эң мыкты 200 университеттин катарына кошулуп келет. 2022-жылы 156-орунду ээлеген.
Быйыл QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде 2462 университет каралып, анын ичинен 1422си эң мыкты деп тандалган. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү университеттерден бул тизмеге Казакстандан 16, Кыргызстандан бир жогорку окуу жай кошулду.
Дүйнөлүк рейтинге кирген университеттердин үлүшү
Оставьте первый комментарий