Прокуратура: Ошто милиция кызматкерлерине 9 кылмыш иши козголду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата 9 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча фактылар аныкталган.

«Алар жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланышкан. «Кылмыштырдын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизишкен. Кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана ал боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулгану айтылды.

Мындан сырткары, башкы көзөмөл орган милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыштарды алардын мойнуна илип, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча иштерди токтотушканын кошумчалаган.

Муну менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Ош шаардык ИИБнын кызмат адамдарына карата 9 кылмыш иши козголду.

Учурда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*