
Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында салынган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бүгүн, 17-июнда 90 үй-бүлөгө батирлердин ачкычы тапшырылды.
Мэриянын биринчи ипотекалык үйү Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда салынган. Турак жай 9 кабаттуу, 90 батирлүү болуп бүткөн. Анын ачкычын тапшыруу иш чарасына калаа мэри Алмаз Мамбетов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
“Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плиталары, раковиналар, жуунучу бөлмөлөр менен камсыздалган”, — деди мэр.
Мындан сырткары дагы эки көп кабаттуу Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктап жатат.
Мэриянын ипотекалык программасы менен жалпы 215 үй-бүлө турак-жайлуу болот. Ошондой эле, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашканы жатат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды.
Өлкөдө мэриянын арзандатылган ипотекалык үйлөрүн куруу демилгеси Ошто гана уюштурулган. Алгач мэрия 2010-жылдагы коогалаңда жабыр тарткандарга берилген үйлөрдөн артып калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга саткан. Мындан түшкөн акчага ипотекалык ишкана түзүп, ошол акчага үй сала баштаган.
Бул жолку 90 батирлүү үйгө 2015-жылдан бери 1800дөн ашык жаран каттоого турган.
Оставьте первый комментарий