
Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги токтом даярдап жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматында мындай чечим көптөгөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен кабыл алынган.
Ошондой эле, мекеме мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскарганы тууралуу маалыматка ишенбөөгө чакырды.
Билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү узартылган эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү жөнүндө токтомго 15-июнда кол коюлган. Ага ылайык, мугалимдерге 56 күндүк эс алуу берилет.
Былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталган. Акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда болду.
Оставьте первый комментарий