Кооптуу аймактарда жашаган элеттегилердин түйшүгү
Кыргызстанда кооптуу аймактарга жакын жерде 4 миңге чукул үй-бүлө жашайт. Алардын эки жарым миңдейине мамлекеттен жардам, жер тилкеси берилгени менен көчпөй келет. Жыл сайын жаз айында, жаан-чачын көп болгондо кооптуу аймакта жайгашкан калктуу конуштарда жер көчкү, сел жүрүү ыктымалдуулугу күчөйт. Мындай учурда айрым үй-бүлөлөр үчүн убактылуу чатыр тигилип, коопсуз жерге көчүрүлөт. Бирок бул маселени чечпейт.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учкун айылы жер көчкү жаракаларынан бир чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан. Мындан улам жашоочулардын ар бир күнү кооптонуу менен өтөт. Март айынын аягында катуу жамгырдан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элди убактылуу коопсуз жерге чатырларга көчүргөн. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов өзү баш болуп барып, тургундарга башка аймактан жер бөлүп берилет деп убада кылган. Арадан төрт ай өтсө да жерден кабар жок.
Рысбай Мажитов - Учкун айылынын тургуну
Жаан-чачын өтө көп болгондо Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен(ӨКМ) келип, коопсузураак жерге чатырларга көчүрөт. Жер каткандан кийин кайра үйлөрүбүзгө көчүп келебиз. Бул көрүнүш жылда кайталанат. Тиешелүү кызматтарга жер көчкү ыктымалы жогорулаган сайын кайрылабыз. Губернатор биздин шарт менен таанышып, көйгөйдү чечебиз деп кеткен. Аба ырайы турукташкандан кийин кайра эле унутулуп калдык.
Учкун айылына тургундарды ӨКМ 1986-жылы көчүрүп келген. Буга чейин ушул эле айылдан бир канча чакырым алыста көчкүгө жакын жашашкан. Ал жердеги кырсыктан эки-үч үйдү, мектептин имаратын жана совхоздун короосун жер көчкү басып калган. Коопсуз деп ушул жерге көчүрүп келгени менен жыл сайын жер көчкү жакындап жатат дешет тургундар.
"Жашоочуларга чек берсе, коопсуз аймакка көчүп кетүүгө даяр. 2015-жылы жарака кеткен жерден көчкү жүрүп, айылга бир топ эле жакындаган. Ошондон кийин башка жактан жер тилкелери берилмей болгон. Андан деле кабар жок. Азыр жашап жаткан жерибизде жаракалар аябай көп. Ал түнү же күндүзү көчүп түшөбү деп кооптонуп жатабыз. Айылдагы башталгыч класстар үчүн мектепти да жаап коюшту",-дейт айыл тургуну Абдикалил Акматов.
Учкун айылынын элин коопсуз жайга көчүрүү максатында 133 гектар жер тилкеси каралган. Бирок ал жерлер айыл чарба багытында болгондуктан трансформация иштери кечеңдеп кетти дейт Ак-Терек, Учкун айылдарынын башчысы Абдисаттар Алиев.
Ак-Терек айылынан 23, Жаңы-Арыктан 67, Таш-Арыктан 40 гектар болуп, жалпы — 133 гектар жер ажыратылган эле. Тиешелүү кагаздар бүткөн. Азыр эми министрликтен чечиле турган маселелер калды.
Абдисаттар Алиев
Ак-Терек, Учкун айылдарынын башчысы
Селден улам контейнерде күн кечиргендер
Жалал Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя аймагын мындан бир жыл мурун сел каптап, 44 үй жараксыз абалга келген. Анын ичинде турак жайсыз калган 8 үй-бүлө бир жылдан бери контейнерде күн кечирип келишет.

Алардын бири Шарипа Масиркулова. Эки бөлмөдөн турган контейнердин биринде өзү 4 небереси менен, экинчисинде уулу, келини, бир жашка жетпеген наристеси менен түтүн булатышууда. Жазда күн жылып көйгөй көп болбогону менен кыштын кыраан чилдесин да темир үйдө өткөрүштү. Казынадан жабыр тарткандарга 150 миң сомдон кенемте бөлүнгөн. Жууркан төшөгүнө чейин сел алып кеткен тургундарга бул каражат, кем карчын алууга гана жеткен.
150 миң берди. Ага мындай меш алып алдык. Эки бөлмөдө жаш балдар менен болгондуктан башка буюмдар алынды. Телевизор, балдарга кийим, бут кийим алганга эле жетти. Баары кымбат болуп жатат да. 150 миң эмнеге жетет эле.
Шарипа Масиркулова - Кара-Дарыя айылынын тургуну
Кара-Дарыядагы кырсык былтыр июль айларында болгон. Анда сел айылдагы үч тосмону жарып өтүп, 390 үйдү каптаган. Анын ичинен ӨКМ 45 үйдү жашоого жараксыз деп тапкан менен 44үнө гана мамлекет 150 мин сомдон кенемте берген. Бир үй-бүлө камсыздандыруусу бар болгондуктан ал каражатты ала алган эмес.

Кырсык болгондон кийин, ошол кездеги өкмөт башчы, бул тургундарды тез арада коопсуз жайга чыгарууну убадалаган. Андан бери элди көчүрүү үчүн 19 гектар жер трансформацияга сунушталган менен, тилке бөлүнгөн эмес. Өкмөт муну сунушталган аймак сугат жер экендигине байланыштырып келет.
Буга чейин парламентте да бул маселе көтөрүлүп, депутат Тазабек Икрамов аймакта сел коопсуздугу көрүлбөй жатканына ӨКМди сындаган. Бирок министрликтин Жалал-Абаддагы бөлүмү аталган аймакта сел кирүү коопсуздугу жок экенин айтууда. Алар былтыр апаатттан кийин мамлекет бөлгөн 20 миллион сомго сел тосмолорду оңдогон.
Кооптуу аймак деген эмне?
Дүйнөдө табигый кырсыктар дайыма болуп турат. Ал эми белгилүү бир аймакта жаратылыш кырсыгы дайыма болуп турган болсо ал жер кооптуу аймак деп аталат. Ага сел ташкыны, жер көчкү, кар көчкү, таш кулоо, жер титирөө сыяктуу коркунучу бар жерлер кирет.
Сел - жамгырдан, мөңгү же кардын тез эришинен келип чыгат. Суунун агымы көп болуп, өтө катуу келип, имараттарды эле кыйратпастан, адам өмүрүн алган күчкө ээ. Мисалы, 2004-жылы Индонезиянын Суматра аралындагы жер титирөө үрөй учурган цунамини (сел ташкыны) пайда кылган. Кырсыктан 280 миң киши каза тапкан.

Ал эми 1931-жылы жайында Кытайдын Янцзы дарыясындагы суу ташкыны миллиондогон кишинин өмүрүн алган. Бирок расмий маалыматтарда бул сандар азайтылып көрсөтүлгөнү кабарланган.
Жер планетасында жылдан жылга климат өзгөрүп, коркунуч да өсүп баратат. Мисалы жер титирегенде, жер көчкүнү, селди пайда кылган учурлар көп. Кыргызстанда кооптуу аймактарда болсо 4000ге жакын үй-бүлө жашап жатат.
Ал эми жер көчкү тилкелерине жакын жерде 3478 үй-бүлө жашоодо. 379 түтүн сел коркунучу бар аймакта, 96 түтүн таш кулаган жерде отурукташкан. Алардын басымдуу бөлүгүнө жер бөлүнүп, мамлекет тарабынан жардам берилгени менен көчпөй келишет.
Жер алып бирок көчпөгөндөр
Оштогу Алмалык айылы да жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймак деп табылган. 2018-жылы ал жерде көчкү жүрүп, кооптуу аймактагы 25 үйдү көчүрүү үчүн жер тилкелери Ноокат районунан берилген. Бирок айрым гана үй-бүлөлөр көчүп кетсе, көпчүлүгү кооптуу жерде жашап жатышат.
Султан Топчубаев
Алмалык айылынын тургуну
Жер тилке, мамлекеттен 150 миң сомдон жардам берилген. Чек шаардан өтө алыс берилгендиктен ал тарапка үй салуу кыйын болуп жатат. Анын үстүнө өкмөт берген каражат эч нерсеге жетпейт. ӨКМдөн 6 ай сайын эскертүү берилет. Бирок дароо эле көнүп калган жериңди таштап кетүү оор экен.
Маселени кантип чечүү керек?
Абдишарип Бекилов эл кооптуу аймакта жашабашы үчүн жергиликтүү бийлик ар аймакка үй салууга тыюу салуусу керек дейт. Анкени ал чөлкөмдүн кооптуу экенин билип туруп, үй курууга, чарба жүргүзүүгө уруксат берилген учурлар бар экенин билдирди. Мындан улам жашоочулар да, мамлекет да зыянын тартат. Ошондуктан кооптуу жерлерди корукка айландырууну сунуштайт.
Абдишарип Бекилов
Мүмкүн болбогон жерлерге үй курууга уруксат берип койгон учурлар бар. Андан карапайым эл жабыр тартат. Айрым учурда сел түшө турган жерлердин тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү деп айтылганы менен, жер тартыштыгынан улам, кайра эле эски үйүнө, кооптуу аймакка кайтып келип жашап алгандар бар. Элди көчүргөндөн кийин жергиликтүү бийлик кооптуу зонаны токой же адам баспай турган корукка айландырышы керек. Ошондо жаратылыш кырсыктарына кабылгандардын санын азайтуу мүмкүн.
Абдишарип Бекилов
Мүмкүн болбогон жерлерге үй курууга уруксат берип койгон учурлар бар. Андан карапайым эл жабыр тартат. Айрым учурда сел түшө турган жерлердин тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү деп айтылганы менен, жер тартыштыгынан улам, кайра эле эски үйүнө, кооптуу аймакка кайтып келип жашап алгандар бар. Элди көчүргөндөн кийин жергиликтүү бийлик кооптуу зонаны токой же адам баспай турган корукка айландырышы керек. Ошондо жаратылыш кырсыктарына кабылгандардын санын азайтуу мүмкүн.
Бийлик жаңы долбоорду ишке ашырууда
Жыл башынан республиканын аймагында 180 ден ашуун сел жана суу ташкындары катталды. Мындан турак үйлөр, короолор, мал жандыктар жана инфратүзүмдөргө өтө чоң зыян тийген.

Ошондуктан мамлекет тарабынан сел жана суу ташкындары боюнча бир канча долбоорлор иштеле баштаган. КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин Мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аблазизов кооптуу аймакта жашагандарды турак жайынын айланасынан ирригациялык арык жана каналдарды казып, алдын алуу иш чараларын ӨКМ менен биргеликте жасоого чакырат.
Марат Аблазизов
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин Мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы
Республика боюнча жер көчкү кооптуулугунда жашоосун улантып келе жаткан үй-бүлөлөр көп . Ошого байланыштуу Азия өнүктүрүү банктын колдоосу менен «КР жер көчкүнүнүн тобокелдигин башкаруу» долбоору жүзөгө ашырыла баштады. Бул долбоордун максаты, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жалпы 46 жер көчкү участкасында, жер көчкүнү механикалык жол менен коопсуздандырып, ал аймактарда жашаган элдерди өз үйлөрүндө калтыруу болуп саналат. Долбоор башталган, мөнөтү 7-8 жылды камтыйт. Тургундарга эскерте кетчүү нерсе ар бириңиздер өзүңүздөргө сак болуп, жок дегенде коопсуз жайга убактылуу болсо дагы чыгып туруңуздар.
"Коопсуз жайга көчүү адам өмүрүн сактоо деп билем"
Айданек Жанат кызы мындан 4 жыл мурун Өзгөндүн Зергер айылында үй-бүлөөсү менен жашаган. Алардын үйү кооптуу аймакта жайгашып, жыл сайын өзгөчө кырдаалдан министрлигинен эскертүү берилип турган. Башка аймакка көчпөгөн бул үй-бүлөнүн оюн бир учур толук кандуу өзгөрткөн.
Жер титиреп, көчкү жүрүп, коңшуларыбыздын үйүн басып калды. Бир коңшунун 7 жашар кыз жоголуп, баарыбыз издедик. Андай убакта ойго нечен түрлүү жаман ойлор келет экен. Жакшысы өспүрүм кызды куткарып калдык. Ал кыздын оордунда бул айылдагы ар бир жаран болушу мүмкүн эле. Өзүмдүн 4 балам бар. Жолдошум менен кеңешип, Куршабдан бизге жер берилгенде дароо көчүп кеттик. Коопсуз жайга көчүп кетүү, балдарымдын өмүрүн сактоо деп билем.
Айданек Жанат кызы- Өзгөн районунун тургуну
"United Сoncrete Сanvas" сайты жер көчкүдөн сактануунун бир нече ыкмасын сунуштаган. Алардын биринчиси габиондук структура деп аталат. Анда атайын тордун ичине таштарды толтуруп, жер көчкү жүрө турган жерди тосуп койсо болот. Бирок 12 метрден бийик кылып турууга болбойт. Ошондой эле жер көчкүнүн көлөмү олуттуу болгон жерлерде жана калкка, турак жайларга жана инфраструктуралык объекттерге жакын жерлерде колдонууга болбойт.
Мындан сырткары темир-бетондон жасалган дубалдарды куруу да көйгөйдү чечүүгө жардам берет.
Көчүү коркунучу бар тик беттерди металл торлор менен тосуу да чечимдердин бири катары колдонулат.
Орусиялык компаниялар жер көчкүдөн коргоонун жаңы ыкмасы катары кооптуу аймакты бетондошот. Мындай жол чет өлкөлөрдө 10 жылдан бери белгилүү жана кеңири колдонулат.
2021-жылы 20-июлда кечке жуук Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел келип, алты жаштагы кызды сел агызып кеткен. 19-июлда болсо, Баткен облусунун Лейлек районунда да сел жүрүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Ал эми 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып, көз жумушкан.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.