Айыл чарба багытында адистер даярдалууда. Видео

Түштүк аймагында уюштурулган «Талаа консультанттары» мектеби аяктады. Ага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген жаштар катышты. Бүтүрүүчүлөр 1 ай бою консультациялык кызматтын негиздери, мал чарбачылыгы, агрономия сыяктуу негизги багыттар боюнча окутуулардан өтүштү. 

Ош технологиялык университетинин окутуучусу Жылдыз Ирматованын айтымында, мындай окутууларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп турушу керек. Анткени бул тармакта мыкты адистер тарбияланып чыкса, Кыргызстандан сапаттуу азыктарды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Иш чараларга катышып, баамдап жатам. Жаштарбызыдын кызыгуусу аябай кубандырат. Биздин келечегибиз аябай жакшы кадрларга бай боло турганына көзүм жетип жатат» — дейт Ош технологиялык университетинин окутуучусу Жылдыз Ирматова.

16 жаштагы Эмирлан аталган мектептин эң жаш катышуучусу. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келген.

«Мен бул окууну интернеттен көрүп, катыштым. Бак-дарактар  боюнча 5 жылдык тажрыйбам бар деп жазган элем. Үй-бүлөм менен көчөттөрдү мөмө-жемиштерди өстүрөбүз. Ошол боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн келдим», — дейт Эмирлан Сатылганов.

Аталган мектепти 30га жакын бүтүрүүчүлөр ийгиликтүү аяктады. Алардын мындан мындан ары иштеп кетүүсү үчүн долбоордун өнөктөштөрү колдоо көрсөтүүдө. Катышуучулардын арасынан тандалгандарды жумушка алууну пландалып жатат.

«Талаа консультанттары» мектеби АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) «Агросоода» долбоору аркылуу каржыланып, окутуулар KGFRAS тарабынан ишке ашырылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо