«Акча сурап, алып кет дейт». Ошто карылар үйүнүн жашоочулары кызматкерлердин үстүнөн арызданууда

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Оштогу өкүлчүлүгү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү карылар, балдар үйлөрү, психологиялык жактан жабыркагандар даарыланган мекемелерди текшерип жатат. Алар жабык жайлардагы шарттар, адамгерчиликсиз мамиле кылгандар боюнча сурап, укуктары жөнүндө түшүнүк беришүүдө.

Жылдыз Ботобаева Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын жетекчисине нааразы. Анын айтымында, тагасы 18 жылдан бери ушул карылар үйүндө жашап келген. Жаңы жетекчи келгенден кийин тагасын «психологиялык жактан жабыркайт, башкаларды бычак менен коркутуп жатат» деп Кызыл-Кыядагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына котормокчу болгон. Ага каршы болгон Ботобаевага «тууганыңы алып кет» деген талап коюшкан.

«Телефон чалып «Алып кет» деп бул эже келгенден бери мага тынчтык бербей жатат. Мен тууганыма тамак-аш бергенден ичим оорубайт. Бизде үйдө бөлмө жок. Азыр үйгө барып көрсөңөр дагы болот. Мен азыр кийимдерин жыйнап жатсам, бул жердегилердин баары келип, Жоок, бул бычак көтөрбөйт. Биз ушунча жылдан бери чогуу жашап жатабыз. Мунун бир бычак көтөргөнүн көргөн жокмун. Эмнеге алып кетип жатасың? Бул кетип калса, биз зээригебиз» деп жатышат».

Карылар үйүнүн дагы бир жашоочусу ушул жерде иштеген дарыгер ооруканага алып бара жатканда андан жол акы сурай турганын айтып даттанды.

«Ооруканага барыш үчүн бензинге деп 200 сом алат. Түштөнүүгө деп 300 алат. Болбосо «түш, такси менен кет» деп жатат. Бир жолу 500 сом бердим. Бир жолу 300 сом бердим. Анан башка бере албайм кыздарым дедим», — деди ал.

Борбордун жетекчиси айтылгандарды төгүндөдү

«Боорукердик» үй-интернатынын жаңы жетекчиси болгон Айгүл Калматова кызматкерлер тарабынан мындагылардан акча алынбайт деп билдирди. Карыялардын баары пенсия курагындагылар болгондуктан, айрым учурда өздөрү акча сунушат дейт. Ал эми Ботобаеванын тагасы башкаларга кооптуулугу болгондуктан, башка жайдан дарыланууго муктаж болгон.

«Интернаттын жобосу боюнча психикалык жактан ооругандар кабыл алынбаш керек экен. Азыркы учурда биздин өзүбүздүн психологубуз бар. Ал психолог тарабынан ар бир карыяга жеке карта түзүлүп жатат. Азыркы учурда эки жаранды тийешелүү стационардык мекемеге жайгаштыруу боюнча иш кагаздар жүргүзүлүүдө. Бирок бир карыяны тууганы мен ал жакка жибербеймин деп өзү менен алып кетип калды».

Түзүлгөн комиссия Ош облустук психикалык жана наркологиялык борборуна да барды. Мында жаткан бейтаптардын шарты текшерилип, кыйноолорго жана адемгерчиликсиз мамилеге кабылбаганы боюнча маалымат алынды. Учурда бул мекемеде 168 бейтап жатса, алардын 60ы аядар.

«Акыркы мезгилде бизде дээрлик көйгөй деле болбоду. Дары-дармектер убагында тендер аркылуу алынып келип жатат. Бардык шартты түзгөнбүз. Бейтаптардан деле даттануулар жок», -деди борбордун жетекчиси Гулам Каримов.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери жабык мекемелерди текшерүүнү 30-июнга чейин улантат. Борбордун Оштогу жетекчиси Улугбек Абдилазизовдун айтымында, аларга кыйноого кабылган жарандар арыз менен кайрылса, «Стамбул» протокол түзүүнүн негизинде иш жүргүзүлөт.

«Арыздар келип түшсө,  кыйноого кабылган адамдар менен оперативдүү кирип сүйлөшөбүз. «Стамбул» протоколу деген бар. Анда кыйноого кабылган адамдын денеси тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт. Биз бул текшерүүнү врачтар менен бирге өткөрөбүз. Андан кийин документтердин баарын чогултуп, арыздардын негизинде прокуратурага өткөрүп беребиз. Андан ары прокуратуранын ишин сурап, жыйынтыгы эмне болгонун билип турабыз», — деди Абдилазизов.

Статистика

2021-жылы аталган мекемеге 37 арыз келип тушкөн.  Алардын ичинен 24ү түрдүү кылмышты моюнга коюу үчүн ички иштер кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын жазышкан. Ал эми башка арыздар жабык мекемелерде жаткан адамдарга адамгерчиликсиз мамиле, тамак бербөө сыятуу арыздар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо