Баткендеги облустук оорукана 42 жыл мурун пайдаланууга берилип, андан бери оңдоп түзөөдөн өтө элек. Учурда бейтапкана жаңы имаратка муктаж болуп турат.
Кара-булак айылынын тургуну Маматжан Сулайманов ден соолугуна байланыштуу Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө даарыланып жатат. Жашы жетимишке таяп калган аксакал имаратта шарт жоктугуна нааразы. Ооруканада бейтаптар үчүн ыссык суу жок, ички ажаткана иштебей калган.
«Аристондорду коюптур, бирок алары иштебейт. Мүмкүнчүлүгү болсо, дарыгерлер үчүн да бейтаптар үчүн да душ кылып койсо болот эле. Ажатканада суусу жок. Ташып келип куюшат» — деди Маматжан Сулайманов.
Дарыгелер ооруканада шаймандардын жана бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен улам, былтыр кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жарадар болгондорду борбор каалаага жөнөтүүгө аргасыз болушкан. Мындай көйгөйдөн кийин Баткенге жаңы оорукана куруу үчүн төрт гектар жер ажыратылган. Бирок, жергиликтүү бийлик аны курууга демөөрчү таба элек.
«Азыр Араб өлкөсүндөгү фонддор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошол ишке ашып калса заман талабына жооп берген оорукана салалы деп ниет кылып жатабыз» — дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков.
Дубалдары, шыбагы ураган имарат, Баткен шаары айыл аталып турганда райондук оорукана болуп курулган. Кийин мекемеге облустук оорукана макамы берилген. Андан бери кызматы, милдеттери көбөйгөнү менен ичиндеги шаймандары көбөйгөн эмес. Кошумча жумуш орундарын түзүү да коңул сыртында кала берген.
Оставьте первый комментарий