Быйыл ак өрүктүн баасы кымбат

Баткенде учурда ак өрүк терими кызуу жүрүүдө. Быйыл өрүк былтыркыга салыштырмалуу жакшы мөмө байлап, жеринен 100-150 сомдон сатылып жатат.

Баткендин тургуну Алимбек Бегматовдун короосунда жүз түпкө жакын ак өрүк бар. Жазында кар жааганына карабай быйыл алар жакшы мөмө байлаган. Ак өрүк бул жылы кымбат бааланып жаткандыктан Бегматов сезондо жарым миллионго чейин каражат табууну болжолдоп жатат.

«Балдар келип 120-150 сомдон алып кетип жатышат. Быйылкы түшүм кудайга шүгүр жакшы болду» — дейт багбан.

Дыйканардын айтымында нарктын жогору болушуна Өзбекстанда ак өрүк жакшы түшүм албай калганы себеп. Кошуна өлкөдөн сырткары ак өрүк Орусияга да экспорттолуп жатат. Бирок ортомчулар чек арадан өтүүдө көп кезек күтүп көйгөйгө туш болушууда.

«Бираз майдараак болуп калыптыр. Бирок акчасы жакшы болуп жатат. Чек арадан ушул өңдүү түшүмдү кезек күттүрбөй өткөрүп турса бизге жакшы болот эле» — дейт кардарлардын бири Максатбек Өзбеков .

Азыркы учурда ак өрүк Баткен районунда жана Баткен шаарынын Кызыл-жол кварталында терилип, сатылып жатат. Быйылкы жылы аймактан 500 тоннага чейин ак өрүк сатылат деп болжолдонгон.

Баткен облусунун аймагында негизинен жети миң гектардан ашуун жерди өрүк бактары ээлейт. Жылына алтымыш миң тоннанын тегерегинде түшүм алынат. Анын ичинен он миң тоннадан ашууну ак өрүктүн түшүмү. Бул мөмө өрүктүн башка сортторунан бир ай эрте бышат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо