«Таш кулап жатат». Папанда тургундар көмүр кенге жаңы жолдун салынышына нааразы болушууда

Кара-Суу районунун Папан аймагынын туругундары Жол-Чырак жайлоосунда жайгашкан көмүр кендин жетекчисине нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар ишкер мыйзамсыз жол салып жаткандыктан, жайлоодо мал жайуу кооптуу болуп калганын айтышууда. Т-Медиа көйгөй менен жеринен таанышып келди. 

Жол-Чырак көмүр кени Папандын Жол-Чырак жайлоосунда жайгашкан. Анын жетекчиси Абжапар Субанов. Тургундардын айтымында ал эч кимден уруксат албастан, жайлоодогу жайытты бузуп, унаа жол салып баштаган.

Бул жол ишкердин жаңы карьеринен көмүр ташууга колдонулат. Курулуш жүрүп жатканда боз үйлөргө таш кулап, мал сарайлары бузулган. Мындан улам, тургундар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Оштогу башкармалыгына кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. Себеби мекеме жол салууну мыйзамсыз деп таап, курулушту токтотууга тапшырма бергени менен иштер улантылып жатат.

«Лесхоздон келип тракторлорду токтотуп, пломбалап кеткен. Мага болду бара бериң жайтыңыздан өтпөйт дешкен. Макул деп эки күндөн кийин келсем түнү менен иштеп чыгышыптыр. Менин үйүм ушул жерде болчу. Анын үстүнө таш кулап, бузуп коюптур. Биз жыйырма жылдан бери ушул жерде тиричилик кылабыз. Бул жакта 8-9 жыл болуп калган эски жол бар. Ошол менен каттай бер десек болбой жатат» — дейт Карагур айылынын тургуну Жалалидин Капаров.

Жергиликтүүлөрдүн маалыматында Абжапар Субанов Жол-Чырак көмүр кенин 13 жылдан бери иштетет. Бул жолу кошумча башка аймактан да карьер ачуу үчүн буга чейин каттап келген унаа жолунан башка жол салып жатат. Бул көрүнүш мал жайууга кооптуу болуп, жер кыртышы бузулгандыктан таш көп кулай баштаган. Учурда жайлоодогу тургундар жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жолду тосуп турушат. Алар жеке ишкерден жаңы салынган жолдон каттамды токтотуп, жерди калыбына келтиришин талап кылышууда.

«Азыр койлор да жайыла албай жатат. Короонун үстүнөн таш кулайт. Кар жаап, таштар көрүнбөй калды. Күндө эле таш кулап жатканынан бала-чакага тийет деп коркуп жатабыз» — дейт тургундардын бири Маматкалы Чолпонбаев.

 

«Башка жерден карьер ачып ал жерге 6 киллометр жол салган. Буга тыюу салынган. Азыр жергиликтүү эл жолду унаа өткөрбөй кайтарып турат. Бул жер каттам болуп калса чабандардын үйүнө таш кулайт. Биз бул жолдон катташына каршыбыз. Жаңы салган жолду калыбына келтирип коюшун талап кылабыз» — Медербек Бакытбек уулу

 

 

«Биз ушул жерде отуруп, бир дарак кыйа албайбыз. Жылына 1000 сомдон отун пул төлөп, кулап калган же сел алып келген отундарды жагабыз. А булар ар жерди жыртып кетип жатышпайбы» — дейт айыл туругуну Асан Жумабеков.

 

Көмүрдүн калдыктарынан булганган жайлоо суусу

Жол-Чырак жайлоосунда ушул эле көмүр кенден улам, суу маселеси да көйгөй болуп келет. Себеби кенден чыккан таштандылар агын сууга төгүлүп, жашоочулар таза суусуз калган. Ушул эле көмүр аралаш суу Ак-Буурага барып, шаардагылардын ичүүчү суусуна да айланат экен.

«Жайлоого келгенден бери ушундай начар суу ичебиз. Көмүрдүн калдыктарынан аккан сууларды ичип жатабыз. Эртең менен алсак бираз тазараак болот. Түштөн кийин кир, ботко болуп калат» — деди жайлоодогу жашоочулардын бири Акмарал Жалиева.

Көмүр кендин жетекчиси Абжапар Субанов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок редакцияга кайрылган айыл тургундары жеке ишкер жолду курууга уруксат алганы тууралуу айтып жаткан тасманы жиберди. Анда Субанов президенттин Оштогу өкүлү, Кара-Суунун акими менен жолугуп, иштин жүрүшү боюнча сүйлөшкөнүн айткан.

«Мынча жылга документ кылдык, бүттү кааласа-каалабаса кылабыз дедим. Губернатор, Кара-Суунун акими баары чакырды. Эч кандай жол тоосуулар болгон жок. Документтердин баарын даярдап эч ким сүйлөбөй турган кылып анан жол салдым. Айтпай келип салсам, алар деле иштетмек эмес» — деген кендин жетекчиси.

 

Уруксат алып жол казып жатам деген Абжапар Субановдун сөзүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Оштогу башкармалыгы четке какты. Алардын айтымында жеке ишкер мыйзамсыз жол салууда. Буга чейин ишти токтотуу боюнча тапшырманы аткарбаганы үчүн башкармалык Кара-Суу райондук прокуратурасына ишти өткөрүп берген.

«Эч кандай экологиялык талаптарга жооп бербейт. Экологиялык экспертизадан өткөн эмес. Өзүм билемдик менен жол салып алган. Бул боюнча райондук прокуратура иш алп барып жатат. Негизи өкмөттүн 668-токтому менен биз жер кыртышын буганы үчүн иск салмакпыз. Бирок азыр ал токтом жокко чыккандыктан биз иск сала албай жатабыз» — дейт Нурлан Казаков.

Жеке ишкер уруксаты жок өзүм билемдик менен жол салып, Кыргызстандын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамынын алты беренесин бузганы аныкталган. Учурда Карагур айылынын тургундары ишкердин үстүнөн прократурага, УКМКга арыз даярдап жатат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо