Toyota Prius. Аксы райондук ооруканасы атайын автоунаанын ордуна жеңил машина сатып алды

Аксы райондук ооруканасы атайын автоунаа (спецавтомашина) алуу үчүн тендер жарыялап, бирок анын ордуна Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил машина сатып алган. Ооруканын айрым кызматкерлери атайын автоунаа жоктугунан облустун борборуна оор бейтаптарды астма уколдорду колдоруна кармап жеткирип жатканын айтып нааразы болду.

Эмне болгон тендер эле? 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ооруканасы 2019-жылдын 28-октябрында бир даана атайын автоунаа сатып алуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер жарыялаган. Унаага 700 миң сом каралып, кийин тендер жокко чыккан.

Бирок бир айдан кийин кайра тендер жарыялап, унаа сатып алууга 780 миң сом караган. Жеке ишкерлер Бакытбек Султанмуратов менен Мундузкан Тоголокова 760 миң сом сунуштап, жыйынтыгында тендерди 750 миң сомго Султанмуратов утуп алган.

«Мен эле эмес, бардык кызматкерлер минип жүрүшөт»

Атайын автоунаа дегенде тез жардам машинасын же кан ташыган атайын техника же болбосо ранимобиль деп элестетип жатсаңыздар керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес, 2014- жылы чыккан Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил машина сатып алынган. Бейтапканынын башкы дарыгери Медербек Осмонов муну мындайча түшүндүрүп берди:

«Кызматтык машина деген болбойт, аны санитардык машина деп коет. Ал бейтаптарга кызмат кылыш керек. Андан тышкары биздин кызматкерлер оорулууларды көргөнү барганда же мен өзүм айылдарга, филиалдарга чыкканда минебиз. Ким колдоном десе ошол убакта даяр. «Уулу айдап жүрөт» деген маалыматтар жалган. Балдарым экөө тең Бишкекте. Бул жерде аялым экөөбүз эле жашайбыз. Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы балдар тендерге жарыя берип жатканда санитардык унаа дебестен, атайын автоунаа деп жазып алышкан экен. Ал боюнча текшерүүлөр келип кеткен», -дейт бейтапканынын башкы дарыгери Медербек Осмонов. 

Коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген аталган оорукананын кызматкери жогоруда сөз болгон санитардык автоунааны жетекчиден башка эч ким минбейт деле дейт. Анын айтымында, реанимациялык унаа бузулуп, бейтаптарды облус борборуна жеткирүү кыйын болуп жатат.

«Машинаны директор минип жүргөнүн гана көргөмүн. Ал автоунаа менен биз эч жака деле чыкпайбыз. Балким башка кызматкерлер чыгып жаткандыр, аны айта албайм. Мисалы, бизде оор абалдагы бейтап келип калса, облуска жеткиребиз. Ал үчүн ранимобиль менен алып барчу элек, бирок бузулуп калыптыр. Тетиктерин издеп таппай жатышат. Азыр ары-бери чыкканыбызда «Нива» берет. Ошол менен бейтаптарды ташып жатабыз. Бирок анда эч кандай шарт жок. Бейтапты арткы отургучтарын жаткызып жайгаштырабыз. Ага коюлган асма уколду Жалал-Абадга жеткиче бир колдон экинчисине алмаштырып кармап барабыз. Ишенесизби, колубуз уюп талып калат». 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо