225 млн сомдук долбоор бүткөнү менен Кербенде таза суу маселеси чечилбей келет. Видео

Жалал-Абаддын Аксы районунун Кербен шаарынын айрым көчөлөрүндө таза суу айлап чыкпай жергиликтүүлөр чака көтөрүп, айыл аралып суу издөөгө мажбур болуп жатат. Жаандын суусун күткөн тургундар бир нече жолу тийиштүү кызматтарга кайрылганы менен майнап чыккан эмес. Жашоочулар бул жергиликтүү бийликтин төрт жыл мурун таза суу үчүн жазган 225 миллион сомдук долбоорунун сапатсыз бүткөнүнүн кесепети экенин айтууда. 

Кербен шаарындагы Гагарин көчөсүнүн 65 жаштагы тургуну Абиба Акулиева эки жылдан бери таза суу көйгөйүнөн кыйналып келет. Ал турмуш-тиричиликке жамгырдын суусун колдонуп, тамак-ашка таза суу издөөгө мажбур.

«Өзү крандар иштеп жаткан. Керек маалда, апрелден баштап жок. Көбүнчө жаандын суусун топтоп иштетип жатабыз» — дейт Акулиева.

Абиба Акулиева сыяктуу бул айылда суунун көйгөйүн тартып келгендер көп. Алар чыкпаган суу үчүн ай сайын төлөмдү да төгүп жатышканына нааразы. Жергиликтүүлөрдүн бири Масалбек Аширбаев бул маселе менен даттануу үчүн сууга төлөмдөрдүн дүмүрчөктөрүн чогултуп койгон.

Анын айтымында ушул эле көчөнүн башында кафе, унаа жуучу жайларда таза суу бар, бирок жашоочуларга жетпей жатат. Мындан улам тургундар, акчалууларга гана көңүл бурулуп жатат деген ойдо. Анткени УКМКга, Өкмөткө арыз менен кайрылганы менен андан көңүл жылытаарлык жыйынтык чыккан эмес.

«Ушул Гагарин көчөсүнүн баш жагында кирпич чыгарган, баня иштеткен мекемелер бар. Аларда суу үзгүлтүксүз чыгып турат» — дейт Аширбаев.

Жергиликтүүлөр мындай көйгөйдүн жаралуусуна 2018-жылдагы суу чыгаруу долбоорунун сапатсыз ишке ашканын күнөөлөдө.

«Санитардык эпидемиялык абал боюнча мыйзамга туура келбейт. Эми болушунча болду дейли. Жок дегенде сууну бурганда бассейн, дагы байссейн кылып тунуп-тунуп өтө турган кылганда ылайка суу түбүндө калмак» —  дейт Кербен шаарынын тургуну Эргешалы Озукеев.

Кербен шаардык Суу чарба ишканасынын маалыматында айрым көчөлөргө суу жер алдынан буруу ыкмасы менен берилгендиктен техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатат. Ошондой эле, калаадагы таза суу түтүктөрү 1965-жылдары коюлган. Алардын эскилиги жетип, жаңысын коюуга каражат тартыш болууда.

«Кербен шаары толук суу менен камсыз болду деп айтууга болбойт. Биз эски суу системасына саат менен гана бөлүп беребиз» — деди Кербен шаардык суу чарба мекемесинин жетекчиси Кубанычбек Шертаев.

Кербен шаарына таза суу алып келүү үчүн 2004-жылы, андан кийин 2018-жылы долбоор жазылып шаардын 60 пайыз эли ткамсыз болгону айтылган. Эми жашоочуларды толук суу менен камсыздоо үчүн, дагы жаңы долбоорду ишке ашыруу пландалып жатат.

«Европа өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер депутаттар колдоп берсе, программаны ишке ашырабыз» — дейт Кербен шаарынын вице-мэри Эдилбек Артыкбаев.

Кербенде үчүнчү жолу таза суу долбоору ишке ашканы турат. Айтылып жаткан 2018-жылы башталган долбоорго дүйнөлүк банк грант катары 4 миллион доллар бөлгөн. Аны мамлекет буюртмачы катары АРИСке берген. Алар долбоорду жана тендерди жарыялап, 225 миллион сомго эки компания утуп чыгып ишти аяктаган. Бирок мэрия азырга чейин өзүнө өткөрүп ала элек.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*