Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасы 7 медаль утту

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда (U-23) Азия чемпионатында 7 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24-июнда билдирди. 

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкек шаарында өтүп жатат. 23 жашка чейинкилер арасында беттештер 23-июнда башталган. Анда грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 4 күмүш утту.
1-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (77 кг);
1-орун — Бексултан Назарбаев (82 кг);
2-орун — Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);
2-орун — Аманат Самат уулу (67 кг);
2-орун — Данияр Шеримбеков (97 кг);
2-орун — Ерлан Манатбеков (130 кг).
Борбор калаада 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алган. Бүгүн, кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүп жатат.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*