Баткен-Кара-Токой жолу кароосуз калып, элеттиктер жол азабын тартып жатат

Баткен-Кара-Токой жолу. Сүрөт жолдун абалын чагылдыруу үчүн кураштырылды

Баткенде кезинде аймакты башка облустар жана Бишкек шаары менен байланыштырып турган Баткен-Кара-Токой жолу учурда кароосуз калып, элеттиктер жол азабын тартышууда. 80-жылдары салынган жол өз мөөнөтүн өтөп бүтсө да бүгүнкү күнгө чейин жаңыланган эмес. 

Кара-токой жолу 2014-жылга чейин Баткендин борборун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырып турган. Ош-Баткен-Раззаков айланма жолу курулгандан бери бул жолдун стратегиялык мааниси солгундады. Бирок азыркы күндө да Айгүл — Тоо, Дары-Булак эс алуучу аймактарына туристтер ушул жол аркылуу барышат. Учурда жолдун тамтыгы чыгып, жамаганга болбой калган.

«Бул чуңкурга машина түшүп күйүп кетип, эки адам күйүп кеткен учур дагы болгон. Кооптуу болуп жатат. Унааларды өтө секин айдашка туура келет. Баткен шаарына барып-келип иштегендер бар. Аларга да кыйын. Жол көңүл буруп коюшса жакшы болот эле» — дейт жашоочулар.

Жашоочулардын айтымында Чек ара айылдарына өзгөчө макам берилгени менен, жаңы жол салуу  маселеси  али күнгө чейин каралбай турат. Жол жээктерин сел алган учурда 3-4 метрге чейин тереңдикте чуңкурлар пайда болуп, адам өмүрүнө кооптуулук күчөйт.

Өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин курулган 30 чакырым Баткен-Кара-Токой жолу 2019-жылдан бери каралбай калган. Ага чейин жыл сайын жамоо иштери жүрүп келген. Жаңы жол курууга сунуш берилсе да жооп жок.

«Негизи бул жол өзүнүн кызматын өтөп бүткөн. Салынганына 40-45 жыл болду. Баткен-Кара-Токой жолуна быйыл жылга бюджеттен ремонт, жолду кароо жумуштары гана каралган» — дейт Баткен райондук №2 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Авазбек Мамаюсуп уулу .

Баткендин эли азыр өлкөнүн башка аймактарына Ош-Баткен-Раззаков айланма жолу аркылуу катташат. Ага чейин Баткен-Кара-Токой жолу менен Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүшчү. Учурда бул жол Суу-башы, Дара, Кыштут айыл өкмөттөрүн Баткен районунун борбору менен  байланыштырган жалгыз каттам.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*