Эколог: Ош шаарындагы дарактардын 80%ы ооруга кабылган

Сүрөт: T-Media

Ош шаарындагы бак-дарактардын дээрлик 70-80%ы бүтүндөй ооруга кабылган. Мындай пикирин эколог, шаардык кеңештин депутаты Абдыжапар Аккулов «Т-Медианын» «Кечки студия» программасында маек берип жатып билдирди. 

Анын айтымында, дарактардын ичи көңдөйлөнүп, кабыктары ажырап, зыянкеч курт-кумурскалар байырлаган очокторго айланып калды.

«Эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында Ош шаарындагы бак-дарактардын аянттары кескин кыскарып кетти. Өзгөчө чоң көчөлөрдүн боюндагы көп жылдык бак-дарактар 90-жылдардын этегинен баштап туура эмес өстүрүлүүдө. Калаадагы дарактардын баарын эле туурасынан бөлө чаап кыркып, жыл сайын токолдой берип, аны өстүрүүгө стимул бербей жатабыз. Мына ошондон алардын көбүн илдеттерге кабылтып койдук. Кайсы көчөгө барбаңыз, дарактардын дээрлик 70-80 пайызы бутүндөй ооруга кабылган. Ичи көңдөйлөнүп кеткен, кабыктары ажырайын деп турат. Бүтүндөй зыянкеч курт-кумурскалар байырлаган очокторго айланып калды»,  -дейт Аккулов. 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*