
Салык кызматы ККМ чектери үчүн 10-майдан баштап лотерея ойнотуп жатканын жарыялаган. Демилге жарандык активдүүлүктү жогорулатууну жана ишкерлер арасында акниет атаандашууга түрткү берүүнү көздөй турганы айтылган. Бирок, бул өнөктөштүк башталгандан кийин чек алууда колдонуучулар арасында нааразычылыктар жаралган.
Алар шарттарды аткарып жатышканын, бирок мүмкүнчүлүктөр түзүлбөгөнүн айтып чыгышты.
Мындан улам, биз Ош шаарында жайгашкан ондон ашуун дүкөндөргө кирип, соода кылып көрдүк. Жыйынтыгында алардын төртөөнөн гана чек ала алдык.
Бирок, көйгөй чекти алуу менен эле бүтпөйт. Ал берилген учурда да салык чек тиркемеси QR коддорду сканерлебей калат.
Ошондуктан катышуучулар QR коддун кол менен терип киргизүү функциясын колдонууга аргасыз болушууда.
Бул салык чек тиркемесиндеги кабыл алынбаган чектер, салык кызматынын маалымат базасына кирбей калгандар болуп калат.
Эгерде кардарлар сатып алынган товарларды карта аркылуу төлөй турган болсо, соода түйүндөр чек чыгарып бере албайт.
Ош шаарындагы Кулатов 16 дарегинде жайгашкан маркеттердин бири карта менен төлөм жүргүзгөн кардарларга QR коддуу чек чыгарып бере албай турганын билдирди.
Тиркемеде чектерди кабыл алуу 72 саат жүрөт. Бул мезгилде кардарлар чек иштебеген болсо дүкөндөрдөн сурай алышпайт.
Салык кызматы эмне дейт?
Салык кызматы жарандардын нааразычылыктарынан улам, ККМди колдонуу жокко чыгарылбаганын жана аны колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин эскертет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек деп билдирүүдө.
Ошондой эле тиркемедеги мүчүлүштүктөр, кабыл алынбаган чектер боюнча аталган кызматтын байланыш номерлерине кайрылуу керектигин кошумчалашты.
«Байланыш номерлерине вотсап аркылуу жөнөтүшсө, конкерттүү чек тууралуу карап беребиз. Негизи иш абалындагы чектер 72 саатта кабыл алынышы керек. Бирок лотореяга катышкан жарандардын саны көп болгондуктан, система жай иш алып барып жатат. Бул көйгөйдү болушунча азайтканга аракет кылып жатабыз. Кардарлар накталай жана карта аркылуу төлөм жасаганда сөсүз түрдө чек бериши керек. Карта аркылуу соода кылганда чек бербегени, ошол соода борбордун катачылыгы», — деп билдиришти салык кызматынан.
Жыйынтык: Чек алууда жана аны салык кызматынын тиркемесинен өткөрүүдө көйгөй болуп жатканы чын.
Авторлор: Айганыш Абдыкадырова, Айдана Карыбекова
_______________________________________________________________________________
«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
Оставьте первый комментарий