Кылмышты кыскарткан прокуратура. Аксыда алты окуучунун жасалма тизмеси аныкталды

Аксыда Сулайманкулов мектебинин алты окуучусунун аты-жөнү кошуна айылдагы Султанов мектебинин тизмесинен чыкты. Чындыгында ал балдар экинчи мектептин босогосун бир да аттаган эмес. Өздөрү бир мектепте, а тизмеси экинчи мектеп окуп жүргөн. Мунун эсебинен ортодогу шылуундар акча жасап, бир жылдай кошумча айлык алып келишкен. Факт ачыкка чыгып, аны УКМК териштиретда, кийин прокуратурага өткөрүп берет. Бирок иш ошол жакта кыскарып кеткен. 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Абзалбек Сулайманкулов атындагы орто мектептин Абдуназаров, Муратжан уулу, Ашим уулу деген фамилиядагы окуучулары 2020-2021-окуу жылында 10-классты эки мектепте окушкан. Башкача айтканда, өздөрү биринчи мектепте, фамилиясы экинчи мектепте катталган. Эки билим уясынын мугалимдери тең аларга баа коюп, чейрек чыгарып, окутуп келишкен. Бул көрүнүш үч окуучу менен токтоп калган жок, алардын сырткары, дагы үч окуучу бар. Алар Мураталиева, Искендер уулу, Рустам уулу.

Биз окуя кандай болгонун жана эки мектепте бир учурда окуган балдардын дарегин таптык. Жогорудагы аты аталган окуучулардын айрымдары биз менен суйлошуп жаткан ушул балдар. Алар мектеп босогосун аттагандан бери Аксы районунун Торук айылындагы Сулайманкулов орто мектебинде гана окугандыктарын айтышты.

«Биз 1-класстан бери эле ушул Сулайманкулов мектебинде окуйбуз. Быйыл бүтүрүүчүбүз. Фамилиябыз башка мектептин да окуучуларынын тизмесинде бар экенин сиздерден (ред-журналисткке айтып жатат) угуп жатабыз. Таң калычтуу», -дейт окуучулардын бири.

Эми окуучулардын пикиринен кийин эки мектептин директорлорунун ортосунда сүйлөшүү болушу мүмкүн деген ой келет. Бирок Сулайманкулов орто мектебинин директору Гулипа Тыныбекова өзүнүн окуучулары Жакып Султанов атындагы орто мектепке которулбаганын, алар биринчи класстан тарта ушул жакта гана билим алып келгенин тастыктады. Ал окуучуларга өткөн жылдын окуу журналында баа коюлуп, окууну ушул гана мектепте окуткандыктарын айтат.

«Бул маселе боюнча буга чейин прокуратурадан келип текшергенде окуучулардын фамилиялары бизден чыккан да. Архивди көтөрдүк. Баарынын маалыматы бизде болуп чыкты. Балдардын фамилиялары алфавиттик китепчеде, журналдарда бар. Жада калса класс жетекчилерин да чакыргам. Бирок Султанов мектебинин директору Токоев деген киши менен сүйлөшүп же күбөлүк көчүрмөлөрүн берген эмесмин. Ал агай кимден алганын билбейм. Рустам уулу Назаралы, Бекмурат жана Мураталиева дегендер быйыл 10-классты бүтүштү. Класс жетекчиси Зубаида деген мугалим. Ал эми Акыл, Кубаныч деген балдар 11-классты жыйынтыктап жатат».

Окуянын баары орун алган Султанов орто мектебине да бардык. Биз барган учурда жыйынтыктоочу экзамен жүрүп жатыптыр. Өткөн жылдагы 10-класс, быйылкы 11-класстын окуучулары биз айткан балдарды журналдан гана көргөнүн, бирок ал балдарды тааныбай турганын айтып беришти.

«Жоок, бул балдарды көрбөптүрбүз. Биз бир ирет эки класс болуп окуп жүргөндө ушул фамилиялар жүргөн эле. Бирок сабакка келген эмес», -дешти Султанов орто мектебинин бүтүрүүчү окуучулары. 

Эми кызыктын баары ушул жерден башталат. Журналисттердин барганынан кабардар болгон Султанов мектебинин жамааты маалымат берүүдөн баш тартып жатып араң макул болушту. Өткөн окуу жылынын башында онунчу, тогузунчу класстардагы окуучулардын саны азайып кеткен, анын арты менен тогузунчу А жана Б класстары, онунчу А жана Б класстарды кыскармак болгон. Мектеп жамааты азыр бул убакка чейин журналда гана жазылып, бирок бир күн да сабакка катышпаган окуучулардын тарых таржымалын талкуулап, күнөөнү биринен бирине төңкөрүү аракетин көрүп, бирок ким күнөөлүү деген суроого жооп издеп жатышат. А бирок мектеп жетекчилиги 9, 10-класска сырттан үчтөн алты окуучуну кошуп, кыскармак болгон эки классты төрт класс кылып сактап калышкан.

Бирок жалпы мугалимдердин бул жагдайга тиешеси жок. Анткен менен келбеген окуучуларга баа койгону үчүн агартуучулардын жоопкерчилик бар. Онунчу класста бир жумасына 30 сааттан, тогузунчу класс 29 сааттан сабак өтүлүп келген. Алгач: «Окуучулар кайсыл жактан келген? Аларды ким сунуштаган? Жок окуучуларды журналга катталса болобу?» деген сыяктуу суроолорго жооп издейли. Өткөн жылдагы онунунчу класска жетекчи болуп иштеген Фаризат Мусабекова жок окуучуларды журналга кошуп жазууну окуу бөлүмүнүн башчысы буйурганын, ал үчүн ошол кездеги мектеп жетекчилиги күнөлүү дейт. Ал сырттан кирген алты окуучуну тааныбай тургандыгын жашырган жок.

«Мага берилген окуучуну гана окута баштагам. Ошол тизмеде жүргөн окуучулар менен кайтарым байланыш кылып, ата-энелердин тобуна жазчу элем. Окуучуларга тапшырма берчүмүн. Мага балдардын тизмесин ошол маалдагы завуч  Сейиткул агай берген». 

Ал эми ошол учурдагу окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Сейиткул Мотонов окуучуларды мектепке алуу маселесинде директордун кызыкчылыгы болгон деди. Анткени аны менен директордун ортосундагы пикир келишпестик орун алгандан кийин ал прокуратурага арыз жазган.

«Окуучуларды мектепке алуу же чыгаруу менин милдетим эмес да. Ага жооп бере албайм, буйрук да чыгара албайм. Буйрукту директор чыгарган. Аны мен класс жетекчилерге «журналга киргиз, А же Б класска бөл» деп тапшырма берем», -дейт Мотонов.

Мектепти ким башкарат? Ким көзөмөлдөйт? Албетте, директор. Бирок Султанов орто мектебинин ошол учурдагы директору Турдумамат Токоев жок окуучуларды журналга кошконун мыйзам бузуу деп эсептебейт. Бирок негиздеп да түшүндүрүп бере алган жок.

«Ал жерде өтө деле оор маселе жок эле.»Ачсаңар ачкыла» дедим. Ошентип, үч бала менен бир класс ачылды. Ошол маалда сабактар онлайн өтүлүп жаткан. Бир окуучу эки мектепте окуганга мүмкүн эмес. Бир класста 37 бала болгон.  Ошону эки класс кылуу максат эле болгон. Башка максат деле жок», -дейт Турдумамат Токоев. 

Билим берүү бөлүмү эмне дейт?

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу бул иштер боюнча кабары жок экенин билдирди. Бирок райондогу бул чуулу ишти УКМК менен прокуратура текшерип, тополоң көтөрүлсө да, билим берүү тармагын башкарган жетекчи кабарсыз калышы мүмкүн эмес эле.

«Мен баарын мыйзам чегинде аткарууга аракет кылам. Эгер, мектепте мыйзам бузуу болсо, ал кишилерге тартиптик чара көрөм. Мен тактайын, маалыматым жок экен. Мектеп директору окуучулардын так санын алып келип бермейинче ачып бербейбиз. Мыйзамда ошентип жазылып турат. Мен тарапта бардык документтер так», -дейт Эмилбек уулу. 

«Мыйзамсыз ишти таба алган жокпуз»

Аксы райондук прокуратурасы бул убакка чейин атайын арыздын негизинде аталган ишти тергөөгө алган. Бирок мыйзамсыз ишти таба алышкан эмес. Анткени дыкат текшерүүдөн кийин бул иш өндүрүштөн кыскартылганын райондук прокуратуранын улук тергөөчүсү Уларбек Жоробеков билдирди.

«Бул боюнча мурда каралган арыз бар. Султанов мектеби коронавирус учурунда онлайн сабак өтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен арызда көрсөтүлгөн доомат-жагдайлар өз ордун таппагандыктан, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан токтом кабыл алынган. Арыз ээси тосмо арыз да жазып берген».  

Ишти өндүрүштө алып барган тергөөчү, мыйзамга таянып гана кыскарта алат. Бирок бул жерде күмөндүү жагдай бар. Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 2-пунктунда кылмыштын курамы жок болгон учурда гана иш кыскартылаары көрсөтүлгөн. Бирок бул жагдайда кылмыш жок деп айтууга мүмкүн эмес. Анткени окуучулардын эки мектепте катталганы анык.

 

«Бул жерде эч кандай жасалма тизме болгон эмес. Окуучулар класска келип сабак окушкан. Бул боюнча көрсөтмө да берилип, каттоо журналда да балдардын аты-жөнү бар. Балдар ковид маалында окуганы журналда турат да». 

Райондук прокуратуранын бул иште кылмыштын курамы жок деген тыянагы мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктөн алыс. Муну ачык айтуу керек. Анткени тергөө учурунда Аксы райондук прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өзүнүн айтымында, экинчи мектептен жана аты аталган окуучулардан көрсөтмө алган эмес. Мугалимдердин берген маалыматтарында окуучулар Султанов орто мектебинде бир күн да окушкан эмес. Андан сырткары, алты окуучу жасалма түрдө мектепке алынбаса, анда онунчу класста бир жумасына отуз саат, тогузунчу класста жыйырма тогуз саат сабак өтүлмөк да эмес. Эми ошол эки класска сабак өтүлгөнү үчүн бир жылдык окуу жылында мамлекет тарабынан 200 миң сомго чукул каражат мугалимдерге төлөнүп берилген.

Жасалма окуучуларды пайда кылганы үчүн ошол учурдагы директор, окуу бөлүмүнүн башчысы, дегеле ким болсо да али күнгө чейин жоопкерчиликке тартыла элек. Алардын иш аракетиндеги мыйзамдуулукту аныктоо кайрадан эле прокуратуранын функциясында калууда.

Иликтөөнүн видеосун бул жактан көрүңүз

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*