Ошто булганган сууну 5 мүнөттө тазалоочу аппарат сыноодон өтүп жатат

Ош шаарында ылайланган сууну кыска убакыттын ичинде фильтр апараты менен тазалоочу ыкма сыноодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу калаа вице-мэри Сонунбек Жунусбаев 27-июнда билдирди. 

Жаңы системаны атайын эксперттердин сынынан өткөрүү үчүн аны сунуштаган «СиАйСи» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү Ошко 10 күн мурун келген. Бул убакыттан бери жергиликтүү бийлик бир нече анализ алып, аппарат булганыч сууну 2-3 мүнөттө тазалай ала турганына ынанган. Мындай жол менен сууну тазалоо үчүн Ош шаарына жалпы 1500 даана апарат керектелет. Бирок аны сатып алып, орнотууга канча каражат кетээри азырынча белгисиз.

«Бул заманбап атайын ультрафильтр ыкмасы менен тазалай турган система. Биз буга чейинки труба тартып барабыз деген долбоор менен таза суу маселесин 80% чечебиз дегенбиз. Калган 20%ы Папандан сел келсе сууну өчүрүүгө мажбур болмокпуз. Мындан улам биз 100% таза суу чыгаруу үчүн дагы башка ыкмаларга атайын сынак жарыялаганбыз. Бул компания келгенине 10 күн болду. Биз ар саат сайын анализ алдык. Булганыч сууну 2-3 мүнөткө жетпей таза чыгарганына күбө болдук. Бул система автоматташтырылган режимде иштеп, шаардыктардын ден-соолугуна да пайдалуу болот» — деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.

«СиАйСи» ЖЧКсынын жетекчисинин айтымында, бир жуманын ичинде аппаратты сыноого 1000ден ашык анализ алынган. Ушул жуманын аягында эксперттер анын жыйынтыгы менен пикирлерин билдиришет. Калаа башчысы учурда долбоорду каржылоочу донор издеп жатат.

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу үчун 2016-жылы 45 млн. сомго суу кампасы курулган. Ошол кездеги шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик мындан ары жамгыр жааса да, таш жааса да Ош шаарында суу таңкыстыгы болбойт деп убада беришкени менен аткарылган жок. Андан кийин, 2018-жылы жеке ишкер тарабынан 10 миллион долларлык долбоор иштелип чыккан. Бирок ал дагы, мурункусу сыяктуу жыйынтык бербей кала берген. Эми 3-долбоор даярдалып, июль айынын ортолорунда тендер жарыяланаары айтылган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*