
Президент Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш берилген.
«Калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери улантылышы керек. Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», — деген Президенттин Администрациясынын өкүлү Айбек Жунушалиев.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров быйыл 24-фервралда тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Аны аткарууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматкерлерге жүктөлгөн.
Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин дайындалган.
Ага чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келген. 2020-жылдын октябрында «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.
Оставьте первый комментарий