Алайда сабалган 3 жаштагы бала боюнча текшерүү иштери башталды

Алай районунун Сары-Могол айылында жакындары тарабынан сабалган 3 жаштагы бала боюнча окуяны милиция текшерип баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча 27-июнь күнү саат 09:00 чамасында Алай райондук бейтапканансына Сары-Могол айылынан жашы жетелек өспүрүм өз денесинен жараат алып түшкөнү боюнча билдирүү келип түшкөн. 

«6-март күнү Р. А аттуу жарандын бир тууган сиңдиси 22 жаштагы Р. Ж 3 жаштагы баласын убактылуу жай мезгилене чейин карап тургула деп таштап кеткен. Бирок, ошол учурдан тартып байланышкан эмес. 24-июнь күнү Р. А жашы жетелек өспүрүмгө үйүндө ага зордук зомбулук көрсөтүп, денесинин ар кайсы жерлерине уруп, түрдүү жаракаттарды келтирген. Бирок, алар жолдошу экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө карап жүрүшкөн. Азыркы учурдагы жашап жаткан үйүнө бир жума мурда көчүп келишкен. Алардын балага зомбулук көрсөткөнүн байкаган кошуналары Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлерине телефон аркылуу билдиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Алар айтылган дарекке барган учурда 3 жашар бала денесинде ар кандай жаракаттарды алган, колдору буттары көгөргөн, баштары жарылган жана сыйрылган жаракаттары бар абалда болгон.

Азыркы учурда Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан өспүрүмдүн ата-энесин жана анын өздүгүн аныктоочу документтери бар же жок экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. 

Ошондой эле экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга карата юридикалык баа берилет.

Учурда бала Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын  үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*