NazarNews агенттиги 23-май күнү «Орусияга Батыштын санкциялары таасир эте алган жок» деген аталышта макала жарыялады. Басылма материалды The New York Times гезитинин маалыматына таянып жазышкан. Анда батыштын орус экономикасына каршы аракеттери ийгиликтүү болбогону тууралуу айтылат.
«Т-Медиа» аталган макаланын чын-бышыгын текшерип көрдү.
NazarNews сайтынын маалыматында «Электр энергиясы кымбаттагандыктан Орусия Украинада атайын операция башталганга чейин төрт айдан ашык киреше тапканы баса белгиленет» деп жазылган. Макалада The New York Times гезити Орусияга каршы санкциялар ишке ашпай калганын жарыялаганы айтылат. Бирок басылмага эч кандай шилтеме калтырган эмес. Ушуга окшогон маалыматты орусиялык Lenta.ru сайты чыгарган. Басылма «АКШда Орусияга каршы санкциялардын натыйжасыздыгын таанышты» деген аталыштагы макала жарыялаган.
Маалыматта батыш өлкөлөрүнүн санкциялары Орусиянын деңиз аркылуу жүк ташуусуна таасирин тийгизбегенин The New York Times басылмасынын макаласына шилтеме берилген.
The New York Times басылмасы 13-майда «Санкциялар убакытты талап кылгандыктан Орусиянын жүк ташуу тарифи күчтүү бойдон калууда» деген аталышта макала чыгарган. Анда акыркы бир нече айда Орусиянын ичинде жана андан тышкары жүк ташуу салыштырмалуу өз нугунда жүрүп жатканы айтылат. Анткени глобалдык санкциялар толук күчүнө кире элек. Ошондой эле Евробиримдик жакынкы айларда орус мунайына тыюу салууга даяр болгондо, бул жагдай олуттуу өзгөрүшү мүмкүн.
«Азырынча Орусия менен соода-сатык кыскарганына карабастан, жүк ташуучу трафик дагы эле жапа чеккен жок деп берилген маалыматта».
Орусияга кандай санкциялар киргизилген?
АКШ Орусиядан мунай жана газ, көмүр импортуна тыюу салган. Улуу Британия 2022-жылдын аягына чейин мунай импортун токтотоорун белгилеген. Ал эми Германия Орусия менен газопровод куруу планын токтотту. Орусиянын Борбордук банкынын активдери анын 630 миллиард доллар (470 миллиард фунт стерлинг) валюталык резервин колдонууга тыюу салган болчу. Бул рублдун кунунун 22%га түшүүсүнө алып келип, импорт товарлары кымбаттаган жана Орусияда инфляция 14%га өскөн. Андан бери рубль калыбына келип жатат, бирок инфляция 17%дан ашты.
Улуу Британия орусиялык негизги банктарды Улуу Британиянын каржы системасынан чыгарып, банктарынын активдерин тоңдурган. Орус фирмаларына карызга акча алууга тыюу салынган болчу. Орусиялыктарга Улуу Британиянын банктарында депозит ачууга чектөө койгон. Миңден ашык эл аралык компаниялар Орусиядагы соодасын токтотуп, толугу менен чыгып кетти. Алардын арасында McDonalds, Coca-Cola, Starbucks жана Marks & Spencer компаниялары бар.
Евробиримдик, Улуу Британия жана АКШ аскердик багыттагы буюмдарды мисалы, унаа тетиктерин экспорттоого тыюу салган. Мындан башка дагы бир топ санкциялар жарыяланган.
Жыйынтык: жалган. The New York Times гезити Орусияга батыштын дээрлик бардык санкциялары тууралуу эмес, Орусиянын жүк ташуу трафигине гана санкциялар таасир этпегенин жазган. NazarNews сайтындагы макалада маалымат бурмаланган.
Оставьте первый комментарий