www.t-media.lg
Аптаптан кантип сактануу керек?
Аптаптуу жай. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын температурасы +40 градуска чейин көтөрүлөрүн, ден-соолугунда көйгөйү барларды аптаптан сактанууну эскертти. Ош шаарында бак-дарактар шаар тургундарын аптаптан коргой алабы? Шаар бийлиги тургундарга жана меймандарга кандай шарттарды түзгөн? Аптап өтүп кетпеш үчүн эмнелерди эске алуу керек? Макалада ушул суроолорго жооп издедик.
Ош шаарында аптаптан сактай турган шарттар аз. Калаада саналуу гана оргумалар бар. Бак-дарактар жетишсиз. Ош шаардык кеңешинин депутаты Дамира Абдибаева жашылдандыруу иштери солгун болуп, дарактар көп кыйылып жаткандыгын шаардык кеңештин кезектеги сессиясында көтөрдү.
Дамира Абдибаева
Ош шаардык кеңешинин депутаты
- Көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн алдыларын унаа токтотуучу жайга айландырып, бак-дарактарды кыйып жатышат. Ага экотехинспекция уруксат бергендиги өкүнүчтүү. Көп кабаттуу үйдүн алды 40 метрден ашат. Жолдо баратсаң, чөлдө бараткандай болосуң.
Экологиялык жана техникалык инспекция кызматы шаар тургундарынын эс алуусуна тоскоолдук жараткан, куураган жана кооптуу дарактарды кыюуга уруксат берилерин билдиришти. Жыл башынан бери мыйзамсыз түрдө дарак кыйган 35 факты катталып, 1 млн сомдон ашуун айып пул салынган. Ал эми кооптуу делген жана тоскоолдук жараткан бактарды бутап, кыйып берүү өтүнүчү менен 153 арыз түшкөн. Анын негизинде экотехинспекция жыл башынан бери жалпы 842 даана бакты кыюуга уруксат берген.
Адилбек Матисаков
Ош аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору
-Азыр жаңы көп кабаттуу үйлөр эски үйлөрдүн ордуна түшүп жатат. Эски курулуштардын өздөрүнүн жеке менчик ГОС актысы бар. Ал актынын ичиндеги бак-дарактарды кесүү алардын өзүнүн укугу болуп эсептелинет биз аларга уруксат бербейбиз, уруксаты жок эле кесишет алар.
Бак-дарактартын жоктугу кандай таасир тийгизет?
Ош шаарында жалпысынан 584 миң даана дарак бар. Акыркы жылдары калааны көрктөндүрүү максатында ийне жалбырактуу көчөттөр көп эгилип жатат. Экологдор алар шаардагы ызы-чууну басаңдата албашын, көлөкөсү да жок экенин айтышат. Жергиликтүү бийлик шаарды жашылдандырууда жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек дейт Абдыжапар Аккулов.

Бак-дарактар кандай максатта тигилерин эколог Абдыжапар Аккулов айтып берди.
Аптаптан кантип өзүбүз сактанышыбыз керек?
Ден соолук
Дене ысыган сайын, кан тамырлар кеңеет. Бул кан басымдын төмөндөшүнө алып барат. Организмдин булуң-бурчуна канды айдап туруусу үчүн жүрөктүн көбүрөөк иштешин талап кыла баштайт. Кан тамырлар бекем болбогондуктан денеде кызыл тактар же буттун шишиши сыяктуу жеңил симптомдорду пайда кылат. Тердөөнүн натыйжасында денедеги суу жана туз азайып, баланс бузулат. Бул кан басымынын төмөндөшү менен коштолуп, ысык өтүүгө алып барат.
Саркечтик жана сулуулук
Жаз-жай мезгилинде көбүнчө пахта жана жибек кездемеден кийим кийген оң. Себеби териден бөлүнүп чыккан нымды жакшы сиңирип алат. Дененин дем алышына ыңгайлуулук берет. Бизде азыр пахтанын курамы азыраак болгон кездемеден жана штапелден тигилген кийимдер көп кийилип жатат. Штапелдин курамында табигый булалар азыраак, синтетика көбүрөөк болот. Бирок денеге жагымдуулугу жакшы.
"Жайында көбүнчө сары, күлгүн, көк, ак, каймак түстөгү кийимдерди кийген аябай жакшы. Себеби булар күндүн нурун чагылдырып, өзүнө тартпайт. Кара жана күңүрт түстөгү кийимдер күндүн нурун өзүнө тартып алып, адамды ысытат"
— дейт дизайнер Аида Молдошова
Кыргызстандын климаты Европа мамлекеттерине салыштырмалуу ысык жана кургак. Андыктан тери күнгө тотугуп, бетке оңой эле так түшөт. Косметологдор күндүн нурунан сактануу үчүн атайын кремдерди колдонууну сунушташат.

Бөлмөдө температура 15 - 25 градуска чейин болуусу керек. Бирок андай температураны сактап туруу бөлмөнү желдетүүчү каражаттарсыз оңой болбойт. Ошондой болсо да эшик-терезелерди ачып, бөлмөдө желаргы жүрүүсүнө шарт түзүү зарыл.
Ош шаарында тургундар аялдамада транспорт күткөн кезде күндүн ысыгына какталышат. Аялдамалар ачык болгондуктан, желдетүүчү каражаттарды орнотуу мүмкүн эмес. Сауд Аравиясында бак-дарак аз болгондуктан, шаар тургундарын аптаптан сактоодо коомдук жайларда кондиционерлерди коюу, оргумаларды орнотуу, адам басчу ачык жайларга атайын торчолорду орнотуу менен бул көйгөйдүн чечүү амалдарын көрүп келишет.
Төмөндөгү видеодо Кытайдын Хэнань провинциясындагы көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнөн жасалма жамгыр жаап жаткандыгын көрүүгө болот. Интернеттеги маалыматтарга таянсак - бул аптаптуу абадан шаарды жана шаар тургундарына салкын аба тартуулоо максатында колдонулууда.
Автор: Улукбек Сали уулу
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Медиа-К" долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Бул материалда айтылган пикирлер "Интеньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.