
Оштогу «Манас-Ата» кафесинин ээси Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип, элден кечирим сурады. Жетекчи жарандарга орой мамиле жасаганы үчүн кафенин администратору кызматтан алынганын билдирди.
«Биздин администратор кыз туура эмес сөздөрдү сүйлөп коюптур. Мен аны иштен кетирдим. Анын ордуна мен кечирим сурайм. Урматтуу кыргызстандыктар бизди кечириңиздер, биз кемчиликтерди оңдоп сиздерге кызмат көрсөткөнгө даярбыз» — деген «Манас-Ата» кафесинин ээси Бахтияр Гуламов.
Маалыматка караганда милицияга «Не сахар» долбоорунун журналисти менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жардамчысы Ориф Аширалиев да көрсөтмө берген. Окуя боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Кафенин ошол учурдагы администратору Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.
28-июнда «Не Сахар» ютуб-каналы Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесинин санитардык абалын чагылдырган. Анда журналист Урмат Даданов имараттын ашканасынын тазалыгы тууралуу баяндап, санитардык нормалар сакталбаганын көрсөткөн. Мындан тышкары азыктардын сакталуу эрежелери боюнча да сөз болгон. Кафедеги эрежеге жооп бербеген көрүнүштү чагылдырып жаткан журналистти тамактануучу жайдын администратору сыртка чыгарып, кайра киргизбей койгон. Кийин кафе кызматкери журналисттерге орой сүйлөп ортодо түшүнбөстүк жаралганда милиция чакырылып, бирок маселе чечилген эмес.
Бүгүн Ош мэриясы бул окуя боюнча тиешелүү органдар текшерүү баштаганын билдирген.
Оставьте первый комментарий