Мэр шилтеме берген билдирүү чын эле Сократка таандыкпы? Фактчек

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 22-май күнү фейсбук баракчасы аркылуу «Өзгөрүүнүн сыры эски менен күрөшүүдө эмес, жаңысын түзүүдө» деген билдирүү жарыялаган. Ал цитатанын автору Сократ экенин белгилейт.

Мамбетовдун бул билдирүүсү Ош шаарында суу берүү үч күнгө токтоп калган учурда жазылган. Ошондо коомчулук жергиликтүү бийликти катуу сындап, шаар башчысынын дарегине түрдүү сөздөр айтылган.

Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болуп дайындалганда шаардагы таза суу маселесин чечерин билдирген. 

«Т-Медиа» цитатанын таржымалын изилдеп көрдү. 

Сократтын сөзү эмес

law.uchicago.edu сайтынын маалыматы боюнча, биздин заманга чейинки 470-жылдары Грецияда туулган Сократ суроо-жооп аркылуу сүйлөшүү үчүн «Сократтын методун» ачкан. Ошондой эле Платон жана Ксенофонт сыяктуу тарыхый маанилүү философиялык инсандарды окуткан. Сократ Батыш философиясынын негиздөөчүсү катары кеңири таанылган. 

Мичиган университетинин профессору жана Сократ боюнча эксперт Сара Абел-Рэп Daily Caller гезитине жөнөткөн электрондук катында «Сократ эч нерсе жазган эмес, ошондуктан анын айткандарынын баары Платон, Ксенофонт, Аристофан сыяктуу башка булактардан алынган» деп айтылат. 

Бирок Платон да, Ксенофонт да өз эмгектеринде «Өзгөрүүнүн сыры эски менен күрөшүүдө эмес, жаңысын түзүүдө» деген цитата Сократка таандык экенин сөз кылган эмес. Тагыраагы бул ойлор Платондун «Сократтын диалогдорунда» же Ксенофонттун «Сократ менен баарлашуусунда» кездешпейт. 

«Эч бир байыркы булак мындай билдирүү Сократка таандык экенин ырастабаганын так айта алам. Ал  саясий өзгөрүүлөрдү тутандырууга таптакыр кызыккан эмес. Саясий салгылашуулар менен да алектенген эмес. Болгону ички революцияга гана аралашкан», -дейт Сара Абел-Рэп.

Ойдон чыгарылган каарман

Quote Investigator басылмасынын билдирүүсүнө караганда, цитата америкалык гимнаст Миллмэндин «Тынчтык жоокердин жолу» чыгармасындагы ойдон чыгарылган Сократ деген каарманга таандык. Анда ал «Сизди алсыраткан көп адаттарыңыз бар. Өзгөрүүнүн сыры — бүт күчүңүздү эски менен күрөшүүгө эмес, жаңыны жаратууга жумшоодо» деп айткан. Бирок бул сөздөр китептин кийинки басылмаларында бир аз өзгөрөт. 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп 2018-жылы Твиттердеги баракчасына «Өзгөрүүнүн сыры эски менен күрөшүүдө эмес, жаңысын түзүүдө» деген билдирүүнү бөлүшүп, кийинчерээк өчүргөн. Ал да цитата ойдон чыгарылган каармандын сөзү экенин белгилеген. 

Жыйынтык. фейк. Алмаз Мамбетов бөлүшкөн цитата Сократка таандык эмес. Бул америкалык гимнаст Милммэндин чыгармасындагы ойдон чыгарылган Сократ аттуу каармандын сөзү.  

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*