Ош мэриясы: «Манас-Ата» кафесиндеги окуя боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Манас-Ата» коомдук тамактануучу жайында болгон окуя боюнча Санэпид борборунун кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди. Алар мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүшөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июлдан тарта Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси коомдук тамактануу жайларды жапырт текшерүүнү баштайт.

28-июнда «Не Сахар» ютуб-каналы Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесинин санитардык абалын чагылдырган. Анда журналист Урмат Даданов имараттын ашканасынын тазалыгы тууралуу баяндап, санитардык нормалар сакталбаганын көрсөтөт. Мындан тышкары азыктардын сакталуу эрежелери боюнча да сөз болгон.

Автор Т-медиа 11130 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*