Оштогу сел жууп кеткен көпүрөнүн качан оңдолушу белгисиз
Оштогу Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Ак-Буурадан өтүүчү көпүрө жараксыз абалда. Март айындагы жаан-чачындан улам анын бир тарабын сел алып кеткен. Ошол күндөн бери жарандар сууга таш тизип дарыянын экинчи жээгине өтүүгө аргасыз болуп жатат. "Т-Медиа" өзгөчө улгайган адамдарга жана жаш жеткинчектерге ыйгайсыздык жараткан көпүрөнүн көрүнүшүн тартып келген.
Бул көпүрөнүн бир тарабын сел жууп кеткенден кийин эч кандай оңдоп-түздөө иштери жүрбөй дээрлик 3 айдан бери ушул абалда турат. Көпүрө буга чейин эле эскилиги жетип 2020-жылда Ак-Бууранын жээгин оңдоо долбоорунун алкагында жаңыланышы керек болгон. Бирок 252 миллион сомго бааланган долбоордун 117 миллион сомдук иши аткарылып калганы соңуна чыкпай токтоп калган. Казынадан калган акча бөлүнсө жээкке кошо Ак-Буурадан өтүүчү 8 көпүрө оңдолушу керек.

Шаардык мэрия жергиликтүүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн көпүрөнү убактылуу оңдоп турууну карашыраарын билдирди.
"Мамлекеттик казынадан акча бөлүнөт деп күтүп жатабыз. Азыр убактылуу көпүрөнү оңдоп туруу үчүн тиешелүү адистер менен барып көрөбүз" - деди вице-мэр Жасур Азимов.