Ошто коондордун ден-соолукка зыян экени аныкталып жатат. Алар кантип текшерилүүдө?

Кечээ ветеринардык коопсуздук инспекциясы Ошто сатылып жаткан коондордун курамында ден-соолукка зыяндуу болгон нитрат ашыкча өлчөмдө чыгып жатканын билдирди. Мындан улам, «Т-Медиа» коон-дарбыздардын кантип текшерүүдөн өтүшүнө кызыгып көрдү.

Алгач процессти ордунан көрүү үчүн биз базардан жаңы коон-дарбыз сатып алып лабораторияга алып бадык.

Дарбыз-коондордун курамын текшерүү Ош шаардык Санэпид көзөмөлдөө борборунун санитардык гигиеналык лабораториясында жүргүзүлөт. Мында биз келгенде жемиштерди алып, көз алдыбызда текшерүүдөн өткөрдү.

Лабораторияда дарбыз-коондун курамын текшерүү үчүн алгач андан 10 грамм тартып алып, үстүнө 50 миллиграмм алюмокалиевые квасцы деген кошулма куюлду.

Ал 3 мүнөт атайын аппарат менен аралаштырылып, андан соң курамын текшерүүгө жөнөтүлдү.

Норма боюнча коондун курамында 90 миллиграммдан ашпаган азот болушу керек. Биз алып барган коондон 134 миллиграмм азот аныкталып, ден-соолукка зыяндуу болуп чыкты.

Ал эми, дарбызда нитрат 60 милиграммдан ашпашы керек. Биз алып барган дарбыздан 29,7 миллиграмм нитрат аныкталып, жегенге мүмкүн деген тыянак чыкты.

Дарбыз-коондун курамында химиялык заттардын ашыкча чыгышы адамда онкологиялык оорулардын пайда болушуна алып келет.

Сатуучулардын айтымында Ошко дарбыз-коондор негизинен Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай, Кызыл-Жар аймактарынан жана Өзбекстандан алынып келинет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1126 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*