
Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган 27 жаштагы Айгерим Эмилбек кызы бул кадамга барышына күйөөсү балдарын көрсөтпөй жатканы себеп болгонун айтып чыкты. Ал 28-июнда журналисттерге маалымат жыйын берип, жолдошу менен тогуз жыл жашап, ур-токмокко кабылганын, жандандыруу бөлүмүнө бир канча ирет түшкөнүн белгилейт. Күйөөсүнүн туугандары Жогорку Кеңеште, Жалал-Абад шаардык кеңешинде иштегендиктен беш айдан бери балдарын көрө албай жатыптыр. Мындан улам ал мыйзам иштебей жатканына нааразы. Айгеримдин айткандарын күйөөсү четке кагууда.
24-июнда Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган Айгерим Эмилбек кызы жолдошу төрт баласын беш айдан бери көрсөтпөй, ага кысым көрсөткөнүнөн улам ушул кадамга барганын билдирди. Айтымында, өзүнөн он жаш улуу күйөөсү аны тогуз жылдан бери ур-токмокко алып келген. Анын айынан 27 жаштагы келин мындан беш ай мурда үйүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошондон бери балдарын көрө элек. Маселесин айтып Жалал-Абаддагы кайсы кызматка кайрылбасын, арызын карабай жатыптыр. Буга жолдошунун Оштогу бажы кызматында, жолдошунун эжеси Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат, кайнагасы Жогорку Кеңештин эсеп палатасында иштеп, тааныш-билиштик менен ишти жаптыртып коюп жатканы себеп дейт.
«Жалал-Абад шаардык милициясына, прокуратурага барып арыз жаздым. «Ортобузда ЗАГС кыркылган жок» дедим. Апасынан төр баласын айрып койгонду эч бир мыйзамдан көргөн жок элем. Жалал-Абад шаардык милициясынын башчысынын орун басары жолдошумун досу болот. Ал арызды карап туруп «Муну эч нерсе кыла албайбыз да. Бекзатпы, аа Азаматтын инисиби? Аны эч нерсе кыла албайбыз да» дейт».
Эмилбек кызынын пикиринде, балдарын алыстан көрүүгө барса мектеп, бала бакчадагылар жакындатпай коюшкан. Ал буга жолдошунун эжесинин тиешеси бар деп шектенип жатат. Учурда балдар кайда калышын чече турган сот процесстери жүрүп жатыптыр.Чоң баласы жети, кичүүчү, бир жаш жети ай экенин айткан эне күйөөсүнүн наристелерди көрсөтпөө аракети мыйзамсыз деп эсептейт.
«Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгына «Эмчектеги бир жаш эки жети айлык баласы бар. Балдарды көрсөтпөй жатат» деген негизде арыз жазганбыз. Аталган мекеме 71-беренени көрсөтүп, «Биз чараларды көрдүк. Келиндин күйөөсү Бекзат Раматиллаев абалдарды көрсөтпөйм деп жатат. Сотко кайрылгыла» деп жооп берди. Алардын мамилеси мындай болбойш керек. Кат бирөөгө көз каранды болгон белгини берет да. Бекзаттын эжеси жергиликтүү кеңеште депутат экен. Социалдык маселелер боюнча суроолорду караган комитетте иштейт экен», -дейт Айгеримдин жактоочусу Ислам Мамадалиев.
Күйөөсү аялынын сөзүн төгүндөйт
Эмилбек кызынын айткандарын күйөөсү Бекзат Раматиллаев толугу менен четке какты. Айтымында, анын жакындары алардын турмушуна киришпейт. Ал эми аялы алар жашап турганда бир канча ирет ууруулукка барып, өзүн-өзүн өлтүрүүгө 4-5 жолу аракет кылган. Ага кылмыш иши козголгон деп, бир канча документтерди жиберди. Анда Айгерим Эмилбек кызынын баалуу буюмдарды уурдаганы жазылган. Бекзат Раматиллаев аялы менен ажырашууну туура көргөн. Ал балдарын апасына көрсөтпөй жатканын ырастайт. Болгону соттун чечими чыккандан кийин ага баш ийем дейт.
«Бул кыз үч жыл уурулук кылып, азыр сот иши жүрүп жатат. Ошол уурулук кылган жерлерден изин жашырыш үчүнда өрттөп жиберген да. Биз чогуу жашап жүргөн убакта болуп атат. Ушул жылдын 13-январында аны милиция кармап кеткен. Ошондон кийин өзүнчө жашайт. Былтыр августта кошунабыздыкына уурулукка кирип, кымбат баалуу буюмдарын алып чыгып кеткен. Ошол жерде анын телефону түшүп калат. Ошонун негизинде милиция тарабынан кармалып жатат. Изин жашырыш үчүн өрттөп чыгып кеткен. Экөөбүздүн ортобуздагы чыр ошондон улам келип чыккан. Ошондон кийин ал кеткен, азыр төрт баланы мен өзүм багып атам. Ажырашуу боюнча соттун чечими чыккан. Балдар кимде калуу маселеси каралып жатат», -деди Раматиллаев.
Айгерим Эмилбек кызы шаардагы бир канча жерден жумуштан жолдошунун суранычы менен алынганын да айтууда. Ал эми буга чейин ал иштеп кеткен Ош шаарында жайгашкан «Санжыра» эс алуу жайынын жетекчиси Бектур Токтоназаров кызматкердин иш аракети иш берүүчүлөргө жакпагандыктан жумуштан бошотулганын, андан кийин Эмилбек кызы чоң көлөмдүү акча уурдап кеткендигин билдирди.
«Ооба, Айгерим бизде администратор болуп иштеп кеткен. Жумуштан кеткенине бир айдай болду окшойт. Мага ал кыздын иштегени жакпады. Администратор сылык болуш керек. Кемчилдиктерден улам жумуштан кетирип салдым. Аягында кассадан коноктордун 30 миң сомдоюн алып кеткен окуя болду. Менде үндөрү бар. «Ооба, алып чыгып кеткем» деди. Он бир миңдей акчасы калды. Калганын кайтарып берди. Милицияга арыз жазбадык», -дейт «Санжыранын» жетекчиси.
«Өзүмө кол салуума себеп болгон жолдошумду суракка чакырбай жатат» деген Айгерим Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө. Алар да тиешелүү органдар менен сүйлөшүп алган деген ойдо. Мындай пикирди шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков четке какты.
«Күйөөсүн «28-июнга тергөө органдарына кел» деп кат бергенбиз. Эгер, келбесе аны оперативдүү кызматтар күч менен алып келет. Келин өзүнүн өмүрүнө 24-июнда кол салган. Ошондуктан арыз жазар замат күйөөсүн алып келип, чара көргөнгө мүмкүн эмес. Себеби ортодо балдары турат. Булардын ажырашуу боюнча арызы шаардык сотто каралып жатат. Чекитти ошолор коет. Милициянын балдарды биринен алып экинчисине берип койгону укугу жок», -деди Сыдыков.
Бекзат Раматиллаев Айгерим Эмилбек кызы менен расмий түрдө ажырашканын билдирди. Мыйзам боюнча жубайлар ажырашканда тогуз жашка чейин балдар апасынын колунда болуп, андан кийин балдарга тандоо укугу берилет. Бирок бала кимдин колунда калбасын, атасы же апасы менен белилүү бир убактарда жолугушуп турууга укугу бар.
Оставьте первый комментарий