Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келиндин кайын журту чоң кызматтардабы?

Кечээ, 28-июнь күнү Кара-Кулжа районунун тургуну Айгерим Эмилбек кызы маалымат жыйын куруп, эмне үчүн Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылганын айткан. Анда ал жолдошу 4 баласын 5 айдан бери көрсөтпөй, кысым болуп жаткандыктан ушул кадамга барганын билдирген. 

27 жаштагы келиндин айтымында, ал балдарын көрүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы кайсы кызматка кайрылбасын, арызы каралбай жатат. Буга жолдошунун Оштогу бажы кызматында, кайын эжеси Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат, кайнагасы эсеп палатасында иштеп, тааныш-билиштик менен ишти жаптыртып коюп жатканы себеп деп эсептөөдө.

Биздин редакция балдарын көрө албай жаткан келиндин кайын журту чын эле ал атаган кызматтарда иштейби жана алар ким экенин текшерип көрдү.

Айгерим Эмилбек кызынын жолдошунун аты-жөнү Бекзат Раматиллаев. Бажы кызматынын сайтында ал «Ош» бажы процесстери борборунун бажылык тариздөө тобунун улук инспектору деп жазылган.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмесинен Эмилбек кызынын жолдошунун фамилясына окшош Айзат Раматиллаева деген депутатты таптык. Ачык булактардан 38 жаштагы Айзат Раматиллаева 2013 жана 2016-жылдары эки ирет Жалал-Абад шаарынын вице-мэри болуп иштегенин көрүүгө болот.

Ошондой эле ал 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 9-катарда катышып, мандат алган.

Ал эми Раматиллаев Азамат Абдыкадырович – Эсеп палатасынын аудитору экенин ачык булактар маалымдайт. 

Азамат Раматиллаев бул кызматка ушул жылдын 25-майында шайланган. Ага чейин 2021-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Жолдошу келиндин сөзүн төгүндөдү 

Айгерим Эмилбек кызынын айткандарын жолдошу толугу менен четке какты. Анын айтымында жакындары алардын турмушуна киришпейт. Ал эми жубайы алар жашап турганда бир канча ирет ууруулукка барып, өзүн-өзүн өлтүрүүгө да 4-5 жолу аракет кылган. Ага уурулук боюнча кылмыш иши козголгонун айтууда.

Бекзат Раматиллаев аялы менен ажырашууну туура көргөн. Балдарын апасына көрсөтпөй жатканын ырастайт. Болгону соттун чечими чыккандан кийин ага баш ийем дейт. 

Кыргызстандагы Балдар жөнүндө кодекске ылайык, бала ата-энесинин экөө менен тең көрүшүп турууга укугу бар. 

Жыйынтык: Балдарын көрө албай жаткан келиндин кайын журту мамлекеттик кызматтарда иштей турганы чын.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*