
Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-июндагы жыйнында депутат Элвира Сурабалдиева аймактарда айыл чарба багытында колдонулган атайын унааларга терезесин караңгылатканы үчүн айып пул салынып жатканына көңүл буруш керектигин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында мыйзам боюнча Министрлер кабинети айып салынбай турган атайын унааларды тизмектей алат.
«Биз тонировка жөнүндө мыйзамды кабыл алганбыз. Анда 30 миңден 70-80 миңге чейинки баа менен тонировкага уруксат сатып алышат деп берилген. Бирок эмнегедир атайын унааларга, аймактарда талааларда дыйкандар колдонгон тракторлорго айып пул салынып жатыптыр. Бирок мыйзамда штраф Министрлер кабинети тараыбынан тизмектелген атайын унааларга салынбайт деп турат. Өкмөт тизмени бүгүнкү күнгө чейин аныктабаптыр» — деди Сурабалдиева.
24-июнда Ноокат районунда трактордун айнегин караңгылатып алганы үчүн айып салынган фермердин видеосу тараган. Тасмадагы киши күндөн коргонуу үчүн трактордун терезелеринин караңгылатып алганын айтып, айыптын өлчөмүнө нааразы болгон.
«Жер салыгын азайтабыз деп, жыйынтыкты карагыла. Трактордун айнегин караңгылатып алып банкты тоногону барат дейсиңерби? Күндөн көлөкө болсун деп айнектерин караңгылаткан элем. Ошого жол тескөөчүлөрү 20 миң сом айып пул салып берди. Ушул мыйзамды ким жазган? Башы иштебеген, окубаган бир адам жазган да» — деген дыйкан.
Кийин фермерге салынган айып 17 миңге түшүрүлгөн эле.
Оставьте первый комментарий