Арбактарга арналып кыйылган арчалар. Иликтөө

«Т-Медиа» маркумдарга арнап кыйылган арчалар, экологияга жасалган кыянат мамиле тууралуу кезектеги иликтөөнү жарыялады. Бул материал дээрлик беш айдан ашык убакытты талап кылды. Иликтөө кышта башталган. Көзү өткөн ар бир адам үчүн бир түп арча кыйылып, эстелик тургузулганы кандай абийир алып келет? 

Бул Алай районундагы мүрзөлөрдүн бири. Сиздер коруп турган эстеликтердин баарынын материалы, кадимки арчадан тактайча болуп тилинип, көзү өткөндөрдүн мүрзөсүнө коюлган. Кыйылган арчалардан жасалган эстеликтер ким кайсы жылы каза болгонун гана көрсөтүп турган миссияны аткарат. Өлгөн адамар менен кошо бирден тоо арчаларынын өлүп жатканы бүгүнкү күндөгү экологияга жасалган мамилени ачыктайт.

Экология бул– түшүнгөн адамга жашоо. А түшүнбөгөндөргө кыйылган арчалардан жасалган эстелик. Дал ушул экологияны түшүнгөн адам болуп, биз быйыл дүйнөлүк демилге көтөрдүк. Башкача айтканда, Кыргызстандын сунушу менен Бириккен улуттар уюму «2022-жыл – Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн Эл аралык жылы» деп жарыялады. Бул деген ааламдагы экологияны коргойлу деген дүйнөлүк чакырык эле. Бирок ааламга айткан ошол акылыбызды арча кыйгандар баалай алган жок. Ошентсе да, экологияны коргойбуз деп жер сабайбыз.

«Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында жапырт көчөт тигүү иши
«Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында жапырт көчөт тигүү иши

Экологияны коргойлу деп дүйнөгө акыл үйрөткөнүбүздөн кийин өлкө башчы Кыргызстандагы быйылкы жылды «Тоолорду, экосиситеманы коргоо жылы» деп да жар салды. Мындан кийин чиновникмин дегендин баары колдоруна күрөк алып, көчөт олтургуза башташты. Бирок жаратылышыбыз өзү өстүрүп, кылымдар бою сактап берген арчалардын кыйылып жатканын эч ким капарына алган жок.

Алай районунун борборуна жетпей жол жээгиндеги көрүстөнгө көз чаптырсаң, сырты лак менен кооздолуп, маркумдардын жайына коюлган эстеликтер жайнайт. Биз атайын кирип, эстеликтердин көлөмүн өлчөп көрдүк. Бийиктиги эки метр, туурасынын кеми кырк, ашыгы алтымыш сантиметрден чоң. Мүрзөлөр башка материалдар менен деле бекитилген, бирок эң кызыгы эстеликтердин дээрлик көпчүлүгү арчадан жасалган. Акыркы беш жыл ичинде Алай районунда кайтыш болгондордун эсебин райондук бийлик берген расмий маалыматтан карап көрөлү.

Акыркы беш жыл ичинде сөз болгон райондун өзүндө эле 2337 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Көзү өткөндөрдүн жайы жаннатта болсун, бейишин берсин. Бирок ушунча эстеликке коротулган арчадан тактайчаларды кайдан алып жатат дегенге кызыктык. Токойлорду көзөмөлдөп, экологияны жакшыртабыз, деген милдетти алып олтурган токой чарба кызматкерлери эстеликтер учун тоодон арчалар кыйылбайт деп ишенимдүү айтышат.

«Бейитке суу арча коюлбайт. Себеби ал күн катуу тийгенде жарылып кетет. Ал эми көрүстөнгө  коюлган арчалар илгери ата-бабаларыбыз үй салып, колдонгон жыгачтар. Эч качан суу арчаны кыйбайт. Алайда өлгөн адамдарга эстелик же башка буюм жасаган усталар бар. Алар биздин көзөмөлдө турат. Булар элдерден 30-40 жыл мурунку арчаларды сатып алып жасашат. Мен арчалар кыйылбайт деп 95% кепилдик берем, кыйганга мүмкүн эмес. Анткени баалуу дарактардын катарына кирет. 2021-жылы арчаны мыйзамсыз кыйган бир факты катталган. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. А быйылкы жылы каттала элек. Алайда 24 миң гектер токой каптаган аймак болсо, ал жерде айыл өкмөттүн балансындагылар да болот. Ошондуктан бул жерде Токой чарбасына караштуу гана арчалар кыйылды дегенге болбойт»,  -дейт Алай токой чарбасынын директорунун милдетин аткаруучу Кенжебай Мамыров. 

Токойчулар «Арча кыйылбайт» дегени менен диаметри бир метрлик арчалар кыйылып, аны тасмага тартып жаткан видео биздин колубузга келип түштү. Элестетиңиз, адам кулачы жетпеген арча. Демек, токойчулардын бул убакка чейинки ишенимдүү сөздөрүн, ушул Мурдаш айылындагы арчанын кыйылганын баяндаган кыска тасма жокко чыгарат. Мындан сырткары бул иштердин арасында токойчулар өздөрү да болушу мүмкүн деген ой келет.

«Президент «Тоолор жылы, тоо экосистемасын сактайлы» деп эмне үчүн барабан уруп жатат?  Тоо экосистемасынын эң негизги фактору арча токойлор экенин, алардын кыйылып бараткандыгы тууралуу биз илимпоздор чөйрөсү мурдатан эле көтөрүп келебиз. Экологиялык кызматтар, токой чарба кызматкерлери көбүнчөсү көрмөксөн болуп коюшат. Кайсы жерде кандай жаңгак бар экенин , кандай кап бар экенин, кайсы жерде кандай диаметрдеги арча бар экенин информатор катары ошолор биргелешкен коррупциялык иштерде болгондорун моюндарына албаса да биз билебиз», -дейт эколог Абдижапар Аккулов. 

Диаметри бир метрге жакын арчалардын ушул көлөмгө чейин өсүп жетилишине кеминде жүз жылдан ашык убакыт керек. Эгер, арча кыюу көрүнүшүнө чектөө коюлбаса, токой такыр болот. Анткени кылымдар бою өсүп турган арчалар жок болууда. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү маркумдарга эстеликтер арчадан орнотулганын билет, бирок али күнгө чейин буйрук чыгарып же катуу көзөмөлгө алып, Алай кырка тоолорунда өскөн арчаларды сактап калуу аракетин көрүшө элек.

«Биз деле бейитке мрамордон таш коюп, чеке белин темир менен тосмолоп келегенбиз. Имамадардын мындай болбош кереки деген айтуусунан кийин жыгачка өткөнбүз. Муну да ысырапкорчулук деп, анан бирден жыгачка өттүк. Бирден арча коюп, анын эни 30 сантиметр, бийиктиги 3 метр болгон арчалар коюлуп жүрдү. Анткени жазуу жазыш керек да. Аны коюштун бир эле себеби бар — ата-энесинин мүрзөсүн билбей калбаш үчүн гана коюлат», -дейт Алай районунун акиминин мурдагы орун басары Бакытбек Осмонов. 

Усталар эмне дейт?

Эми эстелик жасаган усталарга келели. Биз Алай районундагы бир канча усталарга барып, алардын дайын-дарегин таптык. Айрымдары арчадан эстелик жасабай калганын айтышты.

«Арчаларды кыйдырбайт, токой чарба кызматкерлер карайт, коруйт. Мен уста болгон үчүн алар «Арча кыйганга тыюу салынат» деген документти берип кеткен. Эгер, иштете турган болсок, эски үйлөрдөн же бузулган үйлөрдүн ээлеринен сатып алып сандык жасайбыз. Азыр бейитке эстелик жасатуу мурдагыдай көп эмес. Азыраак жасалып атышы мүмкүн», -деп жооп берди жыгач уста Кеңешбек Аматов.   

Мыйзамдарды так сактап, тоодогу арчалар кыйылбайт деп ишенимдүү айтуу кыйын. Биз дагы бир эстелик жасаган уста менен телефон аркылуу байланышып, буюртма бере турганыбызды айтып, сынап көрдүк. Бирок арчаларды тоодон алып келе тургандыгын, ал канча каражат болоорун сүйлөшүүдө так жана ачык айтып берди.

«Утуркусун утуру алып турам. Атайын алдырып, топтоп койгонго убакыт жок. Кардарлар бир ай мурун айтып коет. Силерге күзгө керек болсо, азыр алып чаап даярдап коем. Узактан алып келебиз да. Ат менен тартып түшүрүп, унаа менен жүктөп келебиз. Эски үйлөрдөн чыккан арчалардын жоондору болсо боло берет. Бирок көбүнчө ничке болгон үчүн колдоно албай калабыз», -деди ал.

Бул убакка чейин арчаларды кыюу, андан эстелик жасоо, арча менен жай бекитүү салтка, адатка айланып калган. Эколог Абдыжапар Аккулов бул экосиситемага акыры түбү келип зыянын тийгизет деген ойду айтат.

«Акыркы жылдары арча токойлорго басым жасалып жатат да. Биринчиден жайыттардын баары ошол зонада. Жайлоого чыккан адамлар арчадан отун алган учурлар көп. Экинчиден, 90-жылдары өз көзүм менен көргөн нерселерди айтайын. Суу арчаны кадыресе кыйып келип, жеке курулуштарга колдонушкан. Мончо, сауналарды арчадан жасоо модага айланып кетти да. Мен кийин чоңдордун үйүнөн уктоочу бөлмөлөрүн, отургучтарын, тепкичтеринен бери арчадан жасаган учурларды көргөм. Анткени ошол жылдары токой боюнча илим жактап, көп жерлерди кыдыргам да. Арча мындан 100 жыл мурда эле 400 миң гектардан ашык аянтты ээлеп турса, эгемендик алгандан кийин ошол аянт 260 миң гектарга кыскарып кетти». 

Арчадан эстелик жасаган усталар бир эле район ичинде эмес, Ош шаарында дагы бар. Алар кайдан, кантип, ким аркылуу алып келип жатышкандыктарын айтышпайт. Экология кызматы «Арчалардын кыйылышын көзөөлдөйбүз» деген чын ниети болсо, эстелик жасаган жерлерди көзөмөлгө алып, укук коргоо органдарына бул ишти өткөрүп берсе, арча токойлорду кыйгандардын жүзү дароо эле ачылмак.

Шарият жол бербейт

Эми маркумдарга эстеликтерди тургузуу мусулманчылыкта кандай каралганына токтололу. Дин өкүлдөрү кабыр көтөрүү же башкача айтканда, жай бекитүү шарияттын негизине да карама каршы келерин айтышат. Муну жалпы элге жеткирүү жана аны коомчулук кабыл алуу кыйын болуп жатканына өкүнүшөт.

«Керек болсо жыгачты иштетпеш керек. Экинчи тарабы: бир канча жыл өтөндөн кийин кабырдын орду тегизделип, кийинки келген муун анын үстүнө кайра жашаш керек. Эгер, биз кабырлардын үстүнө таш, жыгач койсок, ал жер ошол адамдын гана мекени болуш керек деген түшүнүк калыптанат. Ошон үчүн бейитти тосмолоого шарият жол бербейт», -деди Ош облустук казыятынын кызматкери Абдылда Исламов. 

Бир жылдары Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо Кыргызстандын экологиясын, жаратылыштагы жан-жаныбарларын коргоо максатында чоң суммадагы каражат бөлгөнү элдин эсинде. Атам тааныбаган актёр океандын ары жагында жатып,»Экологияңарды коргоп алгыла» деп акча берип жатса, а биз болсо жаратылыштын көркүнө көрк кошуп, көк тиреген арчаларды кыйып, көрүстөндөргө эстелик кылып коюп жатканыбыз өкүнүчтүү. Экология – бул, түшүнгөн адамга жашоо. А түшүнбөгөндөргө кыйылган арчалардан жасалган эстелик.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*