Кой-Таштагы аскер бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары кокустук болгонуна ишенбей жатат

Кой-Ташта аскердик бөлүктө каза болгон Элдияр Жайлообековдун жакындары ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес. Бул тууралуу «Т-Медиага» маркумдун таежеси Индира Рысалиева билдирди. 

Жоокердин туугандары кырсык кокустук экенине ишенишпейт. Буга чейин ал бир телефон номерге бат-баттан бирдик которуп туруусун өтүнгөн.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жоокер постто кароолчулук кызматын өтөп жатып, куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарып алган. Жыйынтыгында ошол жерден каза тапкан.

Окуя боюнча Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги, 02625 жана 73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгы, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБнин адистеринен турган комиссия түзүлдү. Окуя болгон жерде иштеп жатат.

Автор: Кайыргүл Рыскулова

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*