Ошто жаштар климаттын өзгөрүшүн талкуулашты

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарынын жаштары Ош шаарында климаттын өзгөрүшү жана ден-соолукка таасири жана тобокелдигин талкуулашты.

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде өтүп, анда жаштар климаттын өзгөрүшүнүн терс жактарын, кесепеттерин талкуулап, көйгөйдү чечүүнүн, алдын-алуу жолдорун сунушташты. 

Өлкөнүн түштүк аймагынын активисттери климаттын өзгөрүшү адамдын ден-соолугуна да таасирин тийгизүүдө деп коңгуроо кагышууда. 

Иш-чарага жалпы 10 команда катышып, өздөрүнүн сунуштарын айтышты. 70 катышуучунун пикирлери эске алынып, эми аймактарда климаттын жакшы жакка өзгөрүүсүнө багытталган иш-чараларда алардын сунуштары пайдаланылат.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*