Прокуратура: «Кыргызкөмүр» мамлекетке 127 млн сомдук зыян келтирилген

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Алар  мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен иштешишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Алар Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада мамлекетке 127 млн. 185 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*