Вице-мэр Венера Рыскулова прокуратуранын корутундусуна макул эмес

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова шаардык прокуратуранын чыгарган корутундусуна кошулбай турганын айтып, «бир тараптуу» деп билдирди.

«Мэриядагы кайсы иш-чара болбосун социалдык блоктун өкүлү катары мен жооп берем. Бирок финансылык жагына эмес, коноктордун келиши, концерттик программа сыяктуу иштерине жооптуумун. Каржы маселесине жооп бере турган өзүнүн жетекчилери, кызматкерлери бар. Прокуратуранын корутундусун көрүп чыктым, азыр иш сапарда элем. Аталган орган юридикалык жактан такталбаган маалымат таратыптыр. Анткени менден көрсөтмө алышпады. Ошондуктан прокуратуранын корутундусуна макул эмесмин, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылат элем. Ошонун жыйынтыгы менен протокол жазып чыгарат, мэрия прокуратурага жооп берет. Кандайдыр бир тыянак чыкса, мен ак же кара деп чыгам».

Ош мэриясында 8-март майрамын уюшутурууга бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганын шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова билдирген. Депутат 15-июнда прокуратурага кат менен кайрылган. Териштирүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык прокуратурасы иш-чараны өткөрүүдө жана белектерди сатып алууда аталган суммада зыян келтирилгенин аныктаган. Бул факт боюнча мэриянын ошол кездеги башкы адиси Айгүл Калматованы жана вице-мэр Венера Рыскулованы тартиптик жазага тартуу сунушу берилген.

Рыскулова бул кызматка былтыр 21-сентябрда дайындалган. 2014-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинде иштеген. 2021-жылдын май айына дейре өкмөттө ар кандай кызматты аркалаган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*