
Ош мэриясы 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө майрамдык иш-чара уюштурууда жана белектерди сатып алууда ири суммада зыян келтирген. Тактап айтканда, мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен резервдик фонддон 742 миң сом бөлүнүп, бирок анын 203 миң сому кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Жүжүров билдирди.
Жүжүровдун айтымында, мэрдин буйругунун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлгөн. Бирок ага карабай аталган блокту жетектеген вице-мэр Венера Рыскулова ири суммадагы зыянды жаап жашырып келген.
«Буйрукту кабыл алганда аталган бөлүмдүн башчысы Айдарбекова ден соолугуна байланыштуу дарыланып жүргөн. Ал эми вице-мэр Рыскуловага кызматтык милдеттерине ылайык, социалдык тейлөө кызматтары жүктөлгөн. Ошондуктан бул боюнча текшереген учурда 2022-жылдын 2-мартында Рыскулованын тапшырмасынын негизинде мэриянын ошол кездеги башкы адиси Айгүл Калматова өзүнүн таанышы Самара Садыкованы чакырып, Рыскулованын иш бөлмөсүндө башка кызматкерлер менен бирге майрамдык иш-чарага тапшырыла турган сүлгүлөрдүн түрлөрүн тандашат. Жыйынтыгында Садыкова белектерди камсыз кылып бериш үчүн 700 даана сүлгү, 700 даана голланд роза гүлү үчүн 105 миң сомго макулдашуу түзгөн. Бирок сүлгүлөргө «Түркияда өндүрүлгөн» деген кагазды жасашып, Өзбекстандан өндүрүлүп, Кара-Суу базараныда сатылып жаткандарын алышкан. Жыйынтыгында бөлүнгөн акчадан 203 миң сом кымырылганы аныкталды. Белектердин баасын жогорулатып келген учурда Рыскулова «Сиңдим биз баалашпадык беле? Эмнеге сен бааны көтөрүп келдиң?» деп айтыш керек эле. Анын негизинде мэрияда ичики аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлмөк. Булар чара көрбөстөн жаап жашырган. Бүгүнкү күндө келтирилген чыгымды ишкер Садыкова шаардын казынасына кайтарып берди», -дейт ал.
Вице-мэр Венера Рыскулова шаардык прокуратуранын чыгарган корутундусуна кошулбай турганын айтып, «бир тараптуу» деп билдирген. Ал муну иш-чаранын каржылык маселесине кийлигишпегени менен түшүндүргөн. Ошондой Рыскулова кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кыларын кошумчалаган.
Эмне болгон иш чара эле?
Ош мэриясынын майрамдык иш-чарага деп бөлүнгөн каражатынан 203 миң сом кымырылганы тууралуу шаардык кеңештин депутаты Хулькар Исамова айтып чыккан. Депутат 15-июнда прокуратурага кат менен кайрылган. Териштирүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык прокуратурасы ири суммада зыян келтирилгенин аныктаган. Бул факт боюнча мэриянын ошол кездеги башкы адиси Айгүл Калматованы жана вице-мэр Венера Рыскулованы тартиптик жазага тартуу сунушу берилген.
Оставьте первый комментарий