Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши каза болуп, 14 адам жабыркады

Ыссык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 жүргүнчү каза болду. Анын бирөөсү 7 жаштагы бала. Окуя 4-июль күнү саат 19:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 27-чакырымында болгон.

Анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагылышкан.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынан 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун  сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*