
Жалал-Абад шаарынын Касым Тыныстанов көчөсүндө тротуарлардын үстүнө курулуп кеткен үйлөрдүн тосмолору алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Төрт метрдей аралыкка чыгып кеткен үй ээлерине буга чейин 2 жолудан эскертүүлөр берилген.
«Курулуштар бир нече жыл мурда мыйзамсыз курулуп, муниципалдык жерге тосмолор 4 метрге чейин чыгып кеткен. Алдыда мындай иш-аракеттер дагы улантылат», — дейт муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Жолдубай Бөрүкулов.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 2022-жыл тротуар куруу жылы деп жарыяланган эле. Анын алкагында быйыл калаадагы 10 чакырымдай жерге тротуар салынышы керек болчу. Бирок, жыл ортолоп калганы менен канча жерге тротуар курулганы азырынча белгисиз.
Автор: Кундуз Кенжебаева
Оставьте первый комментарий